Бишкектик 3D сүрөтчү

Медер Келдеев Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну. 3D сүрөт менен алты айдан бери алектенип келет. Кабарчыбыз Канболот Абылкасым уулу сүрөтчүнүн иш бөлмөсүнө баш багып, анын чыгармачылыгы менен таанышып келди.

Keldeev_Kloop_1 (1).jpg
Медер мени менен маектешкенче көз алдымда 3D сүрөт тарта баштады.

Keldeev_Kloop_1 (1)-2.jpg
"Сүрөт тартаарда көбүнесе жөн гана өзүмдү сынап көрүү үчүн баштайм да, тартып баратып соңунда ийгиликтүү чыгып калат",–деп айтып берди маектешим Медер.

Keldeev_Kloop_1 (2)-2.jpg
"Ар бир сүрөтчүнүн өз ыкмасы бар. А менин атайын деле усулум жок, болгону сүрөттү ар дайым сол жагынан баштап тартам",–деп ичтеги сыры менен бөлүштү сүрөтчү.

Keldeev_Kloop_1 (2).jpg
Адамды тарткан жеңилби, же жан-жаныбар, тоо-таштардыбы, деген суроомо, "адамдарды тартуу татаал, бирок мага ошол нерсе жагат" деп жооп берди ал.

Keldeev_Kloop_1 (3)-2.jpg
Медер сүрөт тартуу боюнча атайын ийримдерге катышып билим алган эмес. Алгачкы сүрөтүн алты жашында тартканын айтат.

Keldeev_Kloop_1 (3).jpg

Keldeev_Kloop_1 (4).jpg
"3D форматында тартылган адамдардан алгачкы эмгегим Чыңгыз Айтматовго арнап тарткан сүрөтүм болгон",–деп кошумчалады сүрөтчү.

P140117003[1]
Сүрөт тартууга бир-эки саат жетишпестигин, жакшы чыгармага эң кеминде төрт саат кетээрин айтып, бул эмгегин Kloop.kgге арнады.