Бишкек: Орто-Сай базары ижара төлөмдөрүн үч эсеге жогорулатты

Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү эң ири базар соода жайлары үчүн болгон ижара акысын үч эсеге жогорулатты. Өз кезегинде бул контейнерлер менен соода жайларынын ээлеринин нааразычылыгын жаратты. Базар жетекчилиги болсо бул аракетин жармакташ ижарага (субаренда) каршы күрөшүү менен түшүндүрүүдө.

Бишкектин түштүгүндө орун алган Орто-Сай базарындагы ишкерлерден турган  профсоюз соода жайларына болгон ижара төлөмдөрүнүн кескин жогорулагандыгына каршы күрөш башташты.

Жалпысынан кеп төлөмдөрдүн болжол менен үч эсеге жогорулагандыгы жөнүндө болуп жатат.

Алсак, Орто-Сай базарында соода жайына ээлик кылган Сергей Дибров эгер ал буга чейин айына 12 миң сом төлөп келген болсо, эми 50 миң төлөөсү керек болуп калганын айтат.

«Жетекчилик жөн гана бизди кабардар кылып, бул суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу экенин айтып жатат», — деди Дибров Kloop.kgге берген маегинде.

Базарда музыкалык күркөөгө ээлик кылган башка ишкер Александр Степанов ижара төлөмдөрүнүн жогорулагандыгы боюнча басма сөз жыйынын өткөрдү.

Ал ортодо коомдук желелерде эгер жаңы коюлган баалар ишке кире турган болсо достору сыяктуу эле өз соода жайын таштап кетүүгө аргасыз болоорун билдирип жаткан Степановду колдоо кампаниясы башталды.

«[Степановду] Орто-Сай базарындагы музыкалык тар бөлмөдөн чыгарып жатышат. Ал жер акыркы 1...5 жылдын ичинде меломандардын чыныгы баш калкалай турган жайы болуп калган», — деп жазган белгилүү теле алып баруучу Владимир Петухов өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына.

«Өтө көп киши» кыйналууда

«Кыргыз профсоюздары менен ишкерлеринин бирикмесинин» төрагасы  Иван Дробитько Kloop.kgге берген маегинде расмий түрдө «Оберон» деген ат менен белгилүү Орто-Сай базарынын жетекчилигинин бул аракетинен улам «өтө көп киши» кыйналып жатканын билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө жаңы оңдолгон Сүйөркулов (Донецский) көчөсүнө жакын жайгашкан соода орундарынын төлөмдөрү кыйла жогорулаган.

«Донецский тарабында турган күркөлөрдүн төлөмдөрү 6700 болчу, эми 25000 болуп калды″, — деди Дробитько.

Анын маалыматы боюнча, жалпысынан Орто-Сай базарында 36 күркө жана 600гө чукул контейнер бар.

Профсоюз башчысы базардын жетекчилиги төлөмдөрдүн жогорулагандыгы тууралуу ишкерлерге өтө орой билдиргендигин айтып даттанууда.

«Биз ушундай каалап жатабыз, анткени биз базардын ээсибиз. Силер бул жакта эч ким эмессиңер», — деди ал базардын жетекчилеринин айткандарын кайталап.

Жармакташ ижара менен күрөшүү

Бирок «Оберондун» директору Аида Акмолдоева компаниясынын дарегине айтылган айыптоолор менен макул эмес.

Ал ижарачылардын бардыгына тең төлөмдөрдүн жогорулай тургандыгы жөнүндө алдын ала кабарлангандыгын жана алардын көбүнүн эч кандай дооматтары жок экендигин айтып, ынандырууга аракет кылууда.

«Биз ижара төлөмдөрүн каалоочулардын суроо-талаптарын изилдеп чыгуу менен жогорулаттык», — деп түшүндүрдү ал Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, төлөмдөрдү жогорулатууга жармакташ ижарага каршы күрөшүү да себеп болгон. Ал белгилегендей, ишкерлер баары бир деле жармакташ ижарачыларга соода жайлары үчүн жогорку төлөмдөрдү төлөп келишкен.

«Кээ бир ижарачылар соода жайларын жармакташ ижарага берип келишкен, а келишим боюнча андай кылууга тыюу салынат. Анан биз ал адам үчүнчү бир адамга мындай сумманы төлөп жаткандан кийин эмнеге бизге төлөбөсүн деген чечимге келдик?» — деп түшүндүрдү Акмолдоева.

Автор: Бектур Искендер