Футбол боюнча «Өнүктүрүү кубогу»: Кыргызстан чейрек финалга өтпөй калды

Кыргызстандын футбол боюнча 17 жашка чейинки өспүрүмдөр курама командасы топтук беттешинде Украина менен Литванын командаларына утулуп, «Өнүктүрүү кубогунун» чейрек финалына өтпөй калды.

Кыргызстан мурунку СССР өлкөлөрүнүн өспүрүмдөр курамасы катышкан мелдештин топтук оюндарынын экөөндө тең жеңилди.

Өз тобунда эки атаандашка ээ болгон кыргызстандыктар 19-январда Литвадан 0:1 эсебинде, ал эми 21-январда Украинадан 0:5 эсебинде утулуп калды.

Эми кыргызстан 9-орун үчүн өз топторунда акыркы орундарга ээ болгон үч курама менен көңүл жубатуучу беттештерди өткөрөт.

«Шериктештер кубогунун» 17 жашка чейинки өспүрүмдөргө арналган версиясы болгон «Өнүктүрүү кубогу» быйыл Минскте, онунчу жолу өтүп жатат.

Биринчи этапта 12 курама үч-үчтөн болуп төрт топко бөлүштүрүлгөн.

Чейрек финалга ар бир топтон экиден команда өттү.

Кыргызстандын 17 жашка чейинки курама командасынын оюнчулары былтыр, футбол боюнча Азия биринчилигинин тандап алуу бөлүгүндө көрүнүктүү оюну менен белгиленишкен.

Анда 16 жашка чейинки курама деп аталган команда Оман командасына каршы оюнунда 3:3 эсебинде тең чыкса, Катар курамасынын оюнчулары менен болгон беттешинде 3:4 эсебинде утулуп калышкан.

«Өнүктүрүү кубогунун» быйылкы финалы 26-январда болот.

Автор:  Тилек Бейшеналиев

Сүрөттө Кыргызстандын 16 жашка чейинки өспүрүмдөр курамасы Азия биринчилигинин тандап алуу бөлүгүндө, 2013-жылдын сентябры