Лыжачы Дмитрий Трелевский Сочиде өтө турган Кышкы Олимпиадалык оюндарга катыша турган жалгыз кыргызстандык спортчу болот. Ал тоодон лыжа менен түшүүнүн эки түрү боюнча катышат. Анын жолго кете турган чыгымдарын мамлекет төлөйт.
20-январда Эл аралык лыжа спорту федерациясы Сочидеги кышкы олимпиадалык оюндарга катыша турган спортчулардын толук тизмесин жарыялады.
Алардын арасында быйылкы кышкы оюндарга катыша турган Кыргызстандын жалгыз өкүлү — Дмитрий Трелевский да бар болуп чыкты.
Бул маалыматтарды Kloop.kgге берген маегинде Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов ырастады.
«Бүгүнкү күнгө карата бизге бир гана спортчунун катыша тургандыгын ырасташты», — деди Аманкулов.
Анын айтымында, кыргызстандыктардын спорттун башка түрлөрү боюнча Сочиге баруу мүмкүнчүлүктөрү жок.
Ошентип, Кыргызстандан Сочиге буга чейинки Ванкуверде өткөн оюдарга баргандан эки эсе аз сортчу барат.
Экинчи Олимпиада
Трелевский кышкы оюндарда 19чу жана 22-февралдарда, лыжа менен тоодон түшүүнүн эки түрү боюнча катышат.
Ал 2010-жылдагы кышкы Олимпиада оюндарында да катышкан, бирок анда ал олуттуу ийгиликтерге жетише алган эмес — анын тоодон лыжа менен түшүүдөгү эң жогорку жетишкендиги 76-орун гана болгон.
«Мүмкүн өтө тик, бийик тоодон түшүү түрү боюнча катышат, бирок бул анын [Трелевскийдин] даярдыгына жараша болот», — деди Аманкулов Kloop.kgге берген маегинде.
Анын айтымында, спортчу менен машыктыруучусунун формасы жана жолуна кете турган чыгымдарын мамлекет төлөйт.
Сочиге февралдын алгачкы күндөрүндө учуу пландалып жатат.
Жалпысынан тоо лыжасы боюнча тандап алуу бөлүктөрүнө Кыргызстандан төрт спортчу катышкан — алардын Трелевскийден башкасы төмөнкү жыйынтыктарынан улам олимпиадалык лицензия ала алышкан жок.
Автор: Айзирек Алмазбекова