Ош: Милиционерлер каракчылык иши боюнча күбө катары өтүп жаткан адамды «уурдап, сабашкан»

Жактоочу Динара Турдуматова Ош шаардык ИИБсинин ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери ал жактоого алган Султан Мурзабековду уурдап барып сабагандыктарын билдирүүдө. Анын маалыматы боюнча, учурда Мурзабеков Жалал-Абад шаардык ооруканасына жаткырылган.

Жактоочу билдиргендей, Мурзабековду 20-январь күнү, Турдуматова аны унаасына отургузуп, жактоого алган адамынын иши боюнча Ош ШИИБсинин имаратына кирип кеткен маалда уурдашкан.

Болжол менен эки милиция кызматкери Турдуматованын унаасын ачып, Мурзабековду сүйрөп чыгарып, аны башка уруп туруп өздөрүнүн унаасы менен Ош ШИИБсинен алыс алып кетишкен.

Кийинчерээк 21 жаштагы Мурзабековду Оштун райондорунун бирине «таштап» кетишкен.

Оштун ооруканаларынын биринде анын жаракат алган жерлерин аныктап чыгышкан, бирок Турдуматованын айтымында, ал жакка жетип барышкан ыкчам топтун кызматкерлери «дарыгерлерге карата басым жасашкан».

Жактоочу Мурзабековду уурдап кеткен милиционерлердин бири ыкчам иликтөө тобунун мүчөсү Арсен Бакиров болгондугун тактаган.

Целлофан баштык

Турдуматова Мурзабеков буга чейин да милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолорго алынгандыгын айтып, ишендирүүгө аракет кылууда. Ал бул жолку басым жасоого да ошол кыйноолор себеп болгон болушу мүмкүн деп эсептейт.

Мурзабеков 2013-жылдын 9-ноябрында Ош аэропортуна бара жаткан жолдо оорун алган куралдуу каракчылык иши боюнча күбө катары өтүп жатат. Ал кол салуунун жүрүшүндө белгисиз төрт адам жергиликтүү ишкердин унаасын көздөй ок атышып, 4,5 млн. АКШ доллары салынган каптарды уурдап кетишкен.

«Азаттык үнү» басылмасы жазгандай, 14-январь күнү Ош ШИИБсинин кызматкерлери Мурзабековду жашап турган Жалал-Абад шаарынан алып чыгышып, аны ырайымсыздык менен сабашкан.

«Кызматтык бөлмөлөрдүн биринде Мурзабековду кыйнашкан: башына целлофан баштык кийгизип, эс-учун жоготконго чейин думуктурушкан, союл менен белине жана таманына урушкан. Жактоочу айткандай, алар мындай жол менен күбөнү талоончулук иши боюнча шектүү катары өтүп жаткандарга карата керектүү көрсөтмө берүүгө даярдашкан», — деп жазган «Азаттык үнү».

20-январь күнү милиция кызматкерлери Мурзабековду Турдуматованын унаасынан «уурдап кетишкенде» жактоочу Ош ШИИБсинде «кыйноо жолу менен» алынган сурактагы көрсөтмөлөрдү жокко чыгарууга аракет кылып жаткан болчу.

Милиция талоончулук иши боюнча кыйноолор болгондугу фактысын эч качан мойнуна алган эмес.

Өткөн жылдын соңунда укук коргоочулардын тобу аталган иш боюнча шектелип жаткандарга карата кыйноолор болуп жаткандыгы тууралуу айтып чыгышканда милиция жооп катары активисттер жөн гана «өздөрүнө пиар жасап жатышат» деп билдирген.

Күбө Мурзабековдун бир нече жолу сабалгандыгы фактысы боюнча азырынча ИИМ эч нерсе билдире элек.

Турдуматованын айтымында, күбө болсо өзү жашаган Жалал-Абад шаарына жеткирилип, учурда жергиликтүү ооруканага жаткырылган.

Автор: Бектур Искендер