Ош шаарында ишканага кол салгандар кармалды

Ишкана жаңы жыл түнү саат үчтөр чамасында тонолгон. Фирманын жетекчилигинин айтуусунда эки сейф жана андагы алты миллион сомдон ашык акча каражаты уурдалган, деп билдирет Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы фейсбуктагы баракчасында.

Кылмышка шектелип Ош шаарынын эки тургуну шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген жана үстүнөн кылмыш иши козголгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун билдирүүсү толугу менен.

2013-жылдын 31-декабрь күнү оштуктар жаңы жылды кубанычтуу, жакшы тилектер менен белгилеп жатканда, арам ойлуу адамдар өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин ишке ашырып жүрүшкөн. 31-декабрдан 1-январга караган түнү, болжол менен түнкү саат 03.00 чамасында Ош шаарында жашаган «Форестер» фирмасына бетин чүмкөнүп, курал менен киришип, «Булава» аттуу коргоо агентигинин эки кароолчусун ур-токмокко алышып, тапанча такашкан. Андан соң кароолчулардын колун байлашып, эки темир сейфти которуп кетишкен жана короодо кароолчуларга тиешелүү «Дэу» үлгүсүндөгү автомашинага салып алып кетишкен. Фирманын жетекчилигинин айтуусунда бул эки сейфте 6061361 (алты миллион алтымыш бир миң үч жүз алтымыш бир) сом акча каражатын алып кетишкен.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү 1991-жылы туулган Ош шаарынын эки жараны кармалды. Алардын биринин үйүнөн 1276500 сом, экинчисинен 745 000 сом акча акча далил буюм катары алынды. Калган сумма кылмыш боюнча шериктеринде экендигин айтышып, көргөзмө беришкен. Учурда бул кылмышка шектүү, бул адамдардын шериктеринин дагы өздүктөрү аныкталып, издөө жарыяланды. Учурда кармалган экөө Ош шаардык ИИБнын убактылуу кармалуучу жайына киргизилди, бул адамдардын үстүнөн КР КЖКсынын 168, 172 беренелери менен кылмыш иши козголду. Тергоо иштери жүрүп жатат. Кармалган экөөнүн бирөө, 1991-жылы туулган Х.М. мурда бул фирмада иштеп кеткендигине байланыштуу, коргоо жана акчалар боюнча маалыматка ээ болгон.