Банкрот деп табылган «Фонекс» карыздарынан 2018-жылга чейин кутулаарын убадалады

Өткөн жылдын соңунда банкрот деп табылган «Фонекс» уюлдук оператору өзүн «мурунку калыбына келтирип», карыздарынын бардыгын 2018-жылга чейин кайтарып бере тургандыгын убадалап жатат. Компания өкүлүнүн айтымында, «Фонекстин» насыя берүүчүлөрдүн алдындагы карызы 18 млн. долларга жакын.

Өткөн жылдын ноябрынын соңунда Бишкектин райондор аралык соту «Фонекс» уюлдук операторун банкрот деп тапкан. Андан бери компаниянын жетекчилиги алмашып, уюлдук оператор өзүн байланыш рыногундагы «мурунку калыбына келтирүүнү» көздөп жатат.

Компаниянын жаңы менеджерлери «Фонекстин» насыя берүүчүлөрдүн алдындагы ири карыздарына, ошондой эле жергиликтүү уюлдук алптар «Билайн» менен «Мегакомго» салыштырмалуу абоненттеринин өтө аздыгына карабастан аны «бутуна тургузса» болооруна ишенишет.

Байланыш операторунун мамлекет тарабынан дайындалган атайын администратору Бекзат Үсөнкановдун айтымында, компаниянын насыя берүүчүлөрдүн алдындагы карызы 18 миллион доллардын айланасындагы сумманы түзөт.

Ал Kloop.kgге берген маегинде «Фонекс» 2018-жылга чейин өзүн «мурунку калыбына келтирүүнү» пландап жатканын билдирди. Анын айтымына караганда, учурда компания артка кетпей эле, кызматкерлеринин маяналары өз убагында төлөнүн жатат.

«Жоготуулар болбошу үчүн  жана насыя берүүчүлөрдүн арасында тынчсыздануулардын болбошу үчүн Экономика министрлигинен компанияны сөзсүз түрдө бутка тургузуп, бизнес-процессти толугу менен калыбына келтирүүнү баштоо керектигин айтышты», — деди Үсөнканов.

Ал «Фонекс» уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүүсүн уланта берээрин жана абоненттери үчүн учурдагы кырдаалда эч кандай банкротко учуроо коркунучу болбостугун кошумчалады.

«Тармакта эч кандай көйгөй болбойт — кандай иштеп жатса ошондой эле иштей берет. Тескерисинче, жаңы кардарларды тартуу үчүн жаңы шарттар менен тарифтик пландар иштелип чыгат», — деди «Фонекстин» администратору.

«Фонекстин» кетиши рынокко таасирин тийгизмек эмес

Байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Баканов «Фонекс» өз ишмердүүлүгүн толугу менен токтоткон күндө да рыноктун түзүмүндө олуттуу деле өзгөрүүлөр болмок эмес деп эсептейт — компаниянын рыноктогу үлүшү болгону 0,5 пайызды гана түзөт.

«Фонекстин» абоненттерин учурдагы GSM-операторлоруна бөлүштүрүү өтө деле чоң көйгөлөрдү жаратпайт, анткени «Фонекстин» көпчүлүк абоненттери көптөн бери эле башка операторлорду абоненттери болуп эсептелинишет», — деди Баканов Kloop.kgге берген маегинде.

Учурда «Фонекстин» абоненттеринин саны 30 миң кишиден ашпайт, бул жалпы рыноктун 80 пайыздан ашыгына ээлик кылган уюлдук байланыштын башка операторлоруна — «Билайн» менен «Мегакомго», — салыштырмалуу өтө эле аз.

Өз ишмердүүлүгүн 2005-жылы баштаган «Фонекс» бир канча мезгил өзүнүн ыңгайлуу тарифтеринин аркасында популярдуулукка ээ болуп келген. Андан сырткары кээ бир кыргызстандыктар ал операторду атайын кызматтар тарабынан тыңшоолорго дуушар болбой турган CDMA стандартында иштегендиги үчүн тандап келишкен.

Ошентсе да «Фонекстин» эң башкы ыңгайсыздыгы болуп CDMA стандартындагы телефон сатып алуу зарылчылыгы эсептелген.

Атаандаштарында жогорку ылдамдыктагы Интернеттин пайда болушу менен «Фонекс» өз абоненттерин өтө тездик менен жогото баштаган жана жыйынтыгында «Билайн», «Мегаком» жана «О!» операторлорунан кыйла эле артта калып калган.

Авторлор: Айдина Амажанова жана Гульдина Чилдебаева