Айвазовскийдин Бишкек музейинде уурдалган сүрөтү табылды

Орус сүрөтчүсү Иван Айвазовскийдин «Крымдагы деңиз пейзажы» сүрөтү 23-январь күнү эртең менен табылды — аны белгисиз адам Бишкектеги гезиттердин биринин редакциясына жашыруун таштап кеткен.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев менен болгон маек

2013-жылдын аягында уурдалган «Крымдагы деңиз пейзажы» деген сүрөттү белгисиз адам «Дело №» гезитинин редакциясына жашыруун таштап кеткен.

«Дело №» гезитинин кызматкери редакциядан чыгып баратканда ага кара түстөгү кийимчен бала келип, гезитке оролгон таңгакты берип, башкы редакторго берип коюусун өтүнгөн», — деди Kloop.kgге берген маегинде Бишкек милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Анна Жукова.

Милициядан билдиришкендей, сүрөт анчалык деле бузулган эмес — анын бүктөлгөн жерлерине гана издер түшүп калган.

Гезиттин кызматкерлери комментарий берүүдөн баш тартышты.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев Kloop.kgге берген маегинде сүрөт алардын сактоосуна эртең гана берилээрин билдирди.

«Сүрөттү тергөө комитети алып кетти. Музейдин сактоосуна эртең расмий түрдө өткөрүп беришет», — деди ал.

Шыгаев музейдин жумушчулары сүрөттүн «бир аз бузулган» жерлерин калыбына келтире ала тургандыктарын кошумчалады.

«Ал көйгөй деле эмес. Аны биздин кызматкерлер калыбына келтирет деп ойлойм. Эми сүрөт өзүнүн экинчи өмүрүнө ээ болуп, көрүүчүлөрүбүзгө сунушталат деген үмүттөмүн», — деди музейдин директору.

Жаңы жылдын алдында уурдалган

Айвазовскийдин «Крымдагы деңиз пейзажы» сүрөтү өткөн жылдын декабрынын соңунда, музейдеги жаңы жылдык кечеден кийин уурдалган — аны керме рамкадан кесип алып кетишкен.

Сүрөттүн жоголгондугу тууралуу белгилүү болоору менен дароо эле «уурулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Шыгаевдин айтымында, анын баасы 1,5 млн. сомду түзөт — сүрөт алгач музей тарабынан 1950-жылдары советтик 10 миң рублга алынып келинген.

Иван Айвазовский — Орусиянын XIX кылымдагы эң таасирдүү сүрөтчүлөрүнүн бири. Ал көбүнчө деңиз пейзаждарынын аркасы менен атак-даңкка жеткен.

Айвазовскийдин эң кымбат сүрөтү 2006-жылы 3 миллион АКШ долларына (дээрлик 150 миллион сомго) сатылган.

Ал «Крымдагы деңиз пейзажын» 1866-жылы тарткан.

Автор: Тилек Бейшеналиев