Кыргыз-кытай чек арасындагы атышуудан кийин 11 согушкер тең өлтүрүлдү

Кыргызстандын укук коргоо органдары 23-январь күнү эртең менен жергиликтүү аңчылык чарбасына кол салып, анын жумушчусун өлтүргөн 11 кишини тең жок кылышты. Азырынча алардын уйгур сепаратисттерине тиешеси бардыгы тууралуу маалымат кыргыз бийлиги тарабынан ырастала элек.

Согушкерлердин бардыгы өлтүрүлгөнүгү тууралуу маалыматты Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева ырастады.

Операциянын жүрүшүндө Кыргызстандын чек арачысынын бири жеңил жарат алды.

«Алардын ким экендиги белгисиз, аны менен укук коргоо органдары алектенет, бирок ал топ жок кылынды», — деди Бөрүбаева.

«Согушкерлерди» издөө операциясы алар  Ысык-Көл облусунун кыргыз-кытай чек арасынын жанындагы Ак-Шыйрак аймагында аңчылык чарбасынын жумушчусун өлтүргөндөн кийин бир нече саатка созулду.

Кол салгандар аңчылык чарбасынын жумушчусун өлтүргөндөн кийин анын куралын алып, ал жерге барган Ысык-Көл облустук чек ара отряды менен атышып башташкан.

Атышуунун эң башында кол салгандардын экөөсү өлтүрүлгөн. Калгандары андан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан “Пикертык” жылынуучу пуктунда курчоого алынышып, жыйынтыгында ошол эле жерде «өлтүрүлүштү».

Чүй облусунун чек ара отрядынын атайын даярдыктагы аскерлери жүргүзгөн операцияны өкмөт тарабынын түзүлгөн коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Токон Мамытовдун жетекчилиги астындагы ыкчам топ көзөмөлдөдү.

Уйгур сепаратисттерби?

Жаңжалды жөнгө салуу үчүн окуя болгон жерге Чүй облусунун чек ара отрядынын атайын багыттагы аскерлери, ошондой эле өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев жөнөтүлдү.

Каптагаев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде кол салгандарды «белгисиз согушкерлер» деп атады.

«Ал жерге милициянын, чек арачылардын атайын бөлүктөрүнүн көптөгөн күчтөрү жөнөтүлдү, анда жергиликтүү тургундар дагы бар. Окуя болгон жерге барып координациялоо керек», — деди губернатор.

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча, кол салгандар уйгур сепаратисттери болуулары мүмкүн — кытай дипломаттары кыргыз кесиптештери менен болгон жолугушуусунда согушкерлерге каршы күрөшүүдө «жигердүү кызматташууга» даяр экендиктерин билдиришти.

Бирок кыргыз чек арачылары кол салгандардын ким экендигин так айта албай тургандыктарын айтып жатышат.

Автор:  Нуржамал Жаныбекова