Ысык-Көл: Чек арага жакын жердеги атышуудан үч киши каза болду

23-январь күнү белгисиз адамдар тарабынан кыргыз-кытай чек арасында аңчылык чарбасынын жумушчусу өлтүрүлдү. Окуя болгон жерге чек арачылардын отряды жөнөтүлүп, алар кол салгандардын экөөсүн өлтүрүштү, калгандары — «Пикертык» жылынуучу пунктунда куурчоого алынышты.

Окуя Ысык-Көл облусунун кыргыз-кытай чек арасындагы Ак-Шыйрак аймагында болгон.

Алгач белгисиз адамдардан турган топ (алардын саны так айтылбай эле) аңчылык чарбасынын жумушчусун өлтүрүшкөн.

Андан соң анын куралын алып, ал жерге барган Ысык-Көл облустук чек ара отряды менен атышып башташкан.

Ок атышуу маалында кол салгандардын экөөсү өлтүрүлгөн, азырынча атышуунун чоо-жайы сыяктуу эле алардын өздүктөрү тууралуу маалыматтар да ачыкталбай эле.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, учурда андагы абал кыргыз чек арачыларынын көзөмөлүндө.

«Азыркы тапта [тирүү калган] кылмышкерлер чек арачылар тарабынан “Пикертык” жылынуучу пуктунда курчоого алынышты », — деп жазылган чек ара кызматынын пресс-релизинде.

Чек ара кызматынын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде «Пикертыктын» аймагында 10-11 киши болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Жаңжалдан кийин Кыргызстандын бийлиги коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Токон Мамытовдун жетекчилиги астында ыкчам топ түздү.

Уйгур сепаратисттерби?

Жаңжалды жөнгө салуу үчүн окуя болгон жерге Чүй облусунун чек ара отрядынын атайын багыттагы аскерлери, ошондой эле өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев жөнөтүлдү.

Каптагаев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде кол салгандарды «белгисиз согушкерлер» деп атады.

«Ал жерге милициянын, чек арачылардын атайын бөлүктөрүнүн көптөгөн күчтөрү жөнөтүлдү, анда жергиликтүү тургундар дагы бар. Окуя болгон жерге барып координациялоо керек», — деди губернатор.

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча, кол салгандар уйгур сепаратисттери болуулары мүмкүн — кытай дипломаттары кыргыз кесиптештери менен болгон жолугушуусунда согушкерлерге каршы күрөшүүдө «жигердүү кызматташууга» даяр экендиктерин билдиришти.

Бирок кыргыз чек арачылары кол салгандардын ким экендигин так айта албай тургандыктарын айтып жатышат.

Автор:  Нуржамал Жаныбекова