Айыл- чарба жана мелиорация министирлигинин жетекчи кызматкерлерине кылмыш иш козголду

Аталган министрликтин жетекчи кызматкерлери тарабынан иш жүзүндө ал башкармалыкта кызмат кылбаган, бирок кагаз жүзүндө мекеменин кызматкери делинип мамлекеттик казынадан акча өндүрүү ыкмасы колдонулган.

Бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 304-беренесинин (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) негизинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда тергөө жүрүп жатакандыктан алардын ээлеген кызматы жана ысымдары аталбайт.

Автор: Тазим Жекшенбаева