Али Өмүров: Максатым - жети дубанды сапаттуу бут кийим менен камсыздоо

Али Өмүров Кыргызстанда өз өнөрү менен алектенип, ошол эле убакта өлкөдө ишкердикти өнүктүрүүгө салым кошкондордун санын толуктайт. Кабарчыбыз Калыгул Максат уулу анын өнөрканасы менен таанышып келди.

IMG_5475 - копия
"Биринчи ишиимди баштаганда бир балка жана бир бычагым бар болчу, азыр болсо өзүмдүн ишканам жана окуучуларым бар",–деп эскерди алгачкы иш баштаган күндөрүн Али Өмүров.

IMG_5477 - копия
"Менин бут кийим жасай баштаганыман бери үч жыл болду. Биз жасаган бут кийим таза териден жасалат",–деп бөлүштү кол өнөрчү.

IMG_5485 - копия

IMG_5487 - копия

"Мен эгер өзүмдүн кызыкчылыгымды ойлосом эчак эле бир чет өлкөлүк фирмада иштеп жатмакмын. Бирок мен антким келбеди. Аз болсо да кыргыз элимди сапаттуу бут кийим менен камсыз кылгым келет",–деп айтат 35 жаштагы ишкер.

IMG_5491 - копия
"Негизги максатым ушул өнөрүмдү жети облуска таркатуу",–деп билдирет Али.

IMG_5499 _1

IMG_5509 _1pg

"Негизинен мындай өнөрлөрдү мектепте кол эмгек, чийүү сабактарында үйрөтсө жакшы болмок. Алсыз кыргыз элим жок дегенде өзүн бут кийим менен камсыз кыла алмак",–деп кошумчалады Али Өмүров.

IMG_5515_1jpg

IMG_5543_1

IMG_5549_1jpg

IMG_5567_
"Сүймөнкул Чокморов атындагы окуу жайына окууга тапшырып калдым. Ошол жерде кол эмгектен сабак берген агайым бут кийим жасоону үйрөткөн. Менин кол өнөрчүлүк чыйырым ушинтип башталган",–деп айтып берди ал.

IMG_5575_1

IMG_5580 - копия

IMG_5583 - копия

"Ошондон тарта бут кийим жасоого кызыгып ушул багытта иштөөнү чечкенмин" Али Өмүров

Автор: Сыймык Максат уулу