Чек ара кызматы: Чек арада өлтүрүлгөндөр «экстремисттик көз караштагы адамдар болушкан»

Президент Алмазбек Атамбаев кечээки белгисиз «согушкерлер» менен болгон ок атышуулар боюнча Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы менен жолукту. Ал ок атышуунун жыйынтыгында кол салгандардын бардыгы тең өлтүрүлгөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев президент менен болгон жолугушуусунда өлтүрүлгөн 11 «согушкерден» алынган буюмдар «алардын экстремисттик көз караштагы адамдар болгондуктарын күбөлөндүрүп тургандыгын» айтты.

Кол салгандардын жанында кандай буюмдар болгондугу так белгисиз, бирок Чек ара кызматынын башчысынын айтымында, алынган буюмдар боюнча «согушкерлер» Кыргызстанга Кытайдан келишкен деп божомолдоого болот.

Кытайдын бийлиги ок атышуу болгон күнү эле кол салгандарды «уйгур сепаратисттери» деп атаган, бирок азырынча бул маалымат расмий ырастала элек — учурда тергөө алардын ким экендиктерин тактап жатат.

Жаңжал кечээ, 23-январь күнү Ысык-Көл облусунун Кытай менен болгон чек ара аймагындагы Ак-Шыйрак деген жерде болгон.

Чек ара кызматынын башчысынын айтымында, биринчилерден болуп куралдуу каршылык көрсөтүп, «согушкерлердин» экөөсүн өлтүргөн аңчы Александр Барыкин өлтүрүлгөндөн кийин кол салгандарды издөө боюнча операция бир нече саатка созулган.

Анын жүрүшүндө Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан «согушкерлердин» калгандары “Пикертык” жылынуучу пуктунда курчоого алынышып, жыйынтыгында ошол эле жерде «жок кылынган».

Чүй облусунун чек ара отрядынын атайын даярдыктагы аскерлери жүргүзгөн операцияны өкмөт тарабынын түзүлгөн коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Токон Мамытовдун жетекчилиги астындагы ыкчам топ көзөмөлдөгөн.

Аңчынын өлтүрүлүшү

591273.1.1390546622
Барыкин мамлекеттик сыйлык менен сыйланат.

«АКИпресс» маалымат агенттиги «Кыргызстан аңчылар жана балык уулоочулар коомунун» президиумунун төрагасы Николай Задорожныйдан интервью алган. Ал «согушкерлер» тарабынан Барыкиндин өлтүрүлгөндүгү тууралуу кененирээк айтып берген.

«Барыкин ал белгисиз адамдар менен сүйлөшүп, Кыргызстандын аймагына кантип киргендиктерин тактоого аракет кылган. Бирок алардын орусча да, кыргызча да түшүнбөй тургандыктары аныкталган. Алар уйгурларга окшогон азият көрүнүшүндөгү чет элдиктер болушкан. Алардын жанында мүшөктөр жана рюкзактары болгон. Барыкин алар мүмкүн туристтер же альпинисттер болуп жүрбөсүн деп документтерин да текшерүүгө аракет кылып, андан соң алар өлкөнүн аймагына мыйзамсыз кирген браконьерлердин же мал уурулардын тобу экенин түшүнгөн», — деп жазган «АКИпресс» Задорожныйдын айткандарын.

Анын айтымына караганда, Барыкин чек арачылар келгенге чейин эки жергиликтүү жашоочунун жардамы менен ал адамдарды кармап турууга аракет кылган, бирок беркилер кол салышкан.

«Белгисиз адамдар күтүүсүздөн биздикилерге бычактар менен кол салышты, анткени аларда андан башка куралдары жок болгон. Ошентсе да аларга баарынан жакын турган Барыкин ок чыгарып, кылмышкерлердин бирөөсүн өлтүрүүгө жетишти. Ал экинчисин да өлтүргөн болушу керек. Ал маалда Барыкиндин куралында болгону бир гана ок бар болгон. Ошол маалда калган кылмышкерлер Барыкинге жетип келишип, бычак менен сайып жиберүүгө жетишип калышкан», — деп билдирген Задорожный «АКИпресске».

Атамбаев каза тапкан Барыкинди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча тапшырма берди.

Автор: Эльдияр Арыкбаев