Чек ара кызматы өлтүрүлгөн “согушкерлердин” буюмдарын ачыкка чыгарды

Кечээ 23-январь күнү эртең менен кыргыз-кытай чек арасынын жанындагы аңчылык чарбасына кол салган 11 киши жок кылынган. Бүгүн чек ара кызматы иликтөөнүн натыйжасында белгисиз “согушкерлердин” пайдаланган буюмдарын тизмектеп, алар жарандык кийимде болгондугун билдирди.

Иликтөөнүн негизинде “согушкерлердин” жанынан төмөнкү буюмдар табылган.

аңчы кыска мылтыгы (карабин) «Вепрь» оксуз;
жүк ташыган машинанын камерасы - 3 даана;
соркыскыч (насос) - 2 даана;
зым кесүү үчүн аттиш
жонбаштык (рюкзак) - 8 даана;
тамак-аш (жүгөрү уну, 2 литр бал, курма, мистелер);
компас - 1 даана;
атайын киши орогонго ак материал 11 кишиге ылайыкталган;
топографиалык карта (КЭРде өндүрүлгөн);
аркан 10-15 метрлик - 11 даана;
кышкы бут кийимдер байпактары менен - 11 түгөй;
жайнамаз - 11 даана
“Куран” китеби - 1 даана;
таңгакталган ачкычтар;
бычак - 11 даана;
кара чүмбөт (маска) - 11 даана;
балта - 2 даана;
дараткана буюмдары - 11 комплект;
бузулган видео камера флешкасыз - 1 даана;
дин буюму “теспе” - 2 даана;
КЭР акчасы - 602 юань, жана 546 АКШ доллары;

Ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдирилгендей, белгисиз “согушкерлер” болжолдуу 25-30 жаш куракта жана уйгурларга түспөлдөш болушкан.

Автор: Тазим Жекшенбаева