Видео: Кыргыз тоо лыжа спортчусу алдыдагы Олимпиада оюндары тууралуу

Дмитрий ТрелевскийдинСочиде өтө турган Кышкы Олимпиадалык оюндарга бара турган Кыргызстандын жалгыз спортчусунун даярдыктар жана жеңишке болгон мүмкүнчүлүктөр тууралуу айткандары.

Басма сөз жыйындын мазмуну:

Трелевский: Бул жыл мен үчүн даярдыктар менен мелдешттик процесстерге каныккан жыл болду. Акыркы эки айдан бери менде эки-үч күн сайын эле мелдештер болуп турду.

Негизинен быйыл Эл аралык Олимпиадалык комитет менен Эл аралык лыжа федерациясы Олимпиадага катышууга лицензия алууну кыйындатты. Аракет кылыш керек болчу, биз аракет кылдык жана лицензияга жетиштик. Мени колдогондордун бардыгына ыракмат.

Ар дайым мыкты жыйынтык болот деп ишенебиз. Жеңишке ишенебиз. Бирок биз рейтинг боюнча ортодобуз. Анда 50дөн кем спортчу болбойт. Бардык 100 пайыз күчүбүздү жумшоого аракет кылабыз. Бекеринен каражат бөлүнүп, убакыт корогон жок да.

Азыр Сочиде өлкөнүн атынан катышуу — бул чоң жоопкерчилик. Менин оюмча, Ванкувердегиге караганда колдоо бир топ эле көп болот. Биз жакшыраак жыйынтык көрсөткөнгө көбүрөөк аракет кылууга даярбыз.

Үй-бүлөм бул жерде калып, мен үчүн бул жакта күйөрман болушат.

Дүйнөлүк рейтингде мен болжол менен сегиз жүзүнчүмүн, а суперкомбинацияда жүз жыйырма алтынчымын. Так эсимде жок, рейтинг ар дайым өйдө-төмөн болуп турат. Тоодон тик түшүү боюнча мен биринчи жолу болжол менен 1500дүн катарына кирип жатам.

Мен катыша турган түрлөрү тууралуу айтсам, тоодон тик түшүүдө бардык эле өлкөлөр катыша бербейт деген үмүттөмүн. Ошондуктан акыркы болбойм деп үмүттөнүп атам. Болжол менен ортосунда болом го.

Тоодон түшүүнүн экинчи түрү оорураак болот. Биз ал боюнча даярданганга жетишпей жатабыз. Ийгилик биз тарапта болооруна үмүттөнүп жатабыз.

Олимпиадага катышаары тууралуу

Трелевский кышкы оюндарда 19чу жана 22-февралдарда, лыжа менен тоодон түшүүнүн эки түрү боюнча катышат.

Ал 2010-жылдагы кышкы Олимпиада оюндарында да катышкан, бирок анда ал олуттуу ийгиликтерге жетише алган эмес — анын тоодон лыжа менен түшүүдөгү эң жогорку жетишкендиги 76-орун гана болгон.

«Мүмкүн өтө тик, бийик тоодон түшүү түрү боюнча катышат, бирок бул анын [Трелевскийдин] даярдыгына жараша болот», — деди Аманкулов Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, спортчу менен машыктыруучусунун формасы жана жолуна кете турган чыгымдарын мамлекет төлөйт.

Сочиге февралдын алгачкы күндөрүндө учуу пландалып жатат.

Жалпысынан тоо лыжасы боюнча тандап алуу бөлүктөрүнө Кыргызстандан төрт спортчу катышкан — алардын Трелевскийден башкасы төмөнкү жыйынтыктарынан улам олимпиадалык лицензия ала алышкан эмес.

Автор:  Гүлжан Турдубаева