Ысык-Көлдө эл аралык “Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын” эрежелери талкууланат

Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлө турган “Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары” аталыштагы спорттук мелдештин бирдиктүү эрежелери, түзүлүшү талкууланып, оюндун резолюциясы кабыл алынмакчы. Ага арналган форум Ысык-Көл дубанында эртең 25-январда вице-премьер-министр Камила Талиеванын катышуусунда өтөт.

Күз мезгилинде уюштурулушу болжолдонуп жаткан “көчмөндөрдүн оюнуна” көк бөрү, тогуз коргоол, кыргыз күрөшү, алыш, оодарыш, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш ордо, кыз куумай жана башка оюндардар киргизилген.

Бул мелдеште Кыргызстандан сырткары коңшу Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, андан сырткары Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан, Монголия жана Орусиядан спортчулардын катышуусу күтүлүүдө.