«Дордойдун» жаңы машыктыруучусу: Биздин максатыбыз — АФКнын Чемпиондор лигасы

Бишкектин «Дордой» футболдук клубу башкы машыктыруучусун алмаштырды. Аталган орунга «Дордойду» Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Чемпиондор лигасына чыгарууну көздөп жатканын билдирген сербиялык Завиша Милосавлевич келди.

Милосавлевич 25-январдагы журналисттер менен болгон жолугушуусунда «Дордойду» Сербия, Пакистан жана Бразилиянын оюнчулары менен толуктоо ниети бар экенин билдирди.

Чемпиондор лигасы — маанилүүлүгү боюнча Азия футбол конфедерациясы тарабынан өткөрүлчү клубдук мелдештердин эң башкысы. Ага «Дордой» бир дагы жолу катыша элек.

Милосавлевич «Дордойдун» буга чейинки башкы машыктыруучусу, өткөн жылы клубдун ийгиликсиз оюндары үчүн кетирилген орусиялык Сергей Дворянковду алмаштырды.

Автор:  Гүлжан Турдубаева