Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы (U-22) өз тобунда акыркы орунга ээ болуп, «Шериктештер кубогу-2014» футболдук мелдештин чейрек финалына өтпөй калды.
Кыргызстан курамасы мурунку СССР өлкөлөрүнүн өспүрүмдөр курама командалары катышкан мелдештин топтук этабында бир дагы жеңишке жете алган жок.
Кыргызстан Украина, Тажикстан жана Эстония менен бир топко туш болуп, жыйынтыгында бир гана упайга ээ боло алды.
Кыргызстандыктар 24-январда болгон топтук биринчи беттешинде украиндиктерден 0:2 эсебинде утулушкан.
Анын эртеси команда Тажикстандан барган атаандаштарына каршы беттешинде ийгиликтүүрөөк оюн көрсөткөн – ал беттеш 2:2 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз футболчулары аз да болсо чейрек финалга өтүү мүмкүнчүлүгүн сактап калышкан.
Бирок Кыргызстан топтук беттештин акыркы оюнунда Эстониянын оюнчуларынан 3:0 эсебинде утулуп калды. Эми команда калган топтун акыркы орун алган курамалары менен 9-орун үчүн көңүл жубатуучу беттеш өткөрөт.
Жалпысынан мелдеште мурунку СССР өлкөлөрүнүн 12 курама командасы үч топко бөлүнүп катышып жатышат.
«Шериктештер кубогу» көп жылдар бою мурунку СССР өлкөлөрүнүн чемпионаттарын жеңген клубдардын арасында өткөрүлүп келген.
Бирок анын популярдуулугу жоголуп, Орусия менен Украинанын күчтүү клубдары катышуудан баш тарткандан кийин, 2011-жылдан баштап мелдешке өспүрүмдөр курама командалары катышып келишет.
Кыргыз футболчулары андан бери бир дагы жолу чейрек финалдык бөлүккө өтө элек.
Автор: Тилек Бейшеналиев