Кыргыз-кытай чек арасындагы атышуу боюнча парламенттик талкуу: «түшүнүксүз нерселер көп»

Кытай менен болгон чек арадан алыс эмес жердеги жаңжал парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде кызуу талкуу жаратты.

Баарынан да депутаттарга чек арачылардын чек арадан мыйзамсыз кирген деп шектелген 11 адамдын бардыгын тең эмне себептен өлтүрүп салгандыктары түшүнүксүз болду.

«Түшүнүксүз нерселер көп — күбөлөр жок. Биз кимге ишенерибизди да билбейбиз. Бирөөлөр мындай деп айтып жатышса, башкалар — таптакыр башкача айтып жатышат. Бул маселени Коргоо кеңеши менен парламентте караш керек», — деди комитет башчысынын орун басары, депутат Нурлан Төрөбеков.

Мурунку коргоо министри, учурда Социал-демократтар партиясынан депутат Исмаил Исаков чек арачылар суракка алуу үчүн «жок дегенде согушкерлердин бирөөсүн» тирүү калтырышы керек болчу деди.

Бирок белгисиз адамдарды колго түшүрүү операциясын жетектеген Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов каршылыгын билдирди — анын пикиринде, «согушкерлерди» өлтүрүү боюнча чечим «туура» болгон.

«Алар үйлөрдү өрттөп, түтүн көшөгөсүн пайда кылышып, биздикилерди атып башташкан. Чек арачылар жөн эле өлтүрүп салышкан жок да, алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, багынып берүүлөрүн сунушташкан да. А тигилер болсо аларды атып, үйлөрдү өрттөп башташкан», — деп актады Мамытов чек арачылардын чечимин.

Ал атайын даярдыктан өткөн аскерлери бар транспорт аба ырайынан улам ал жакка өз убагында жете албагандыгын, а чек арачылардын чечим кабыл алуулары керек болгондугун кошумчалады.

11 «согушкердин» жок кылынышы

Коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитеттин жыйыны Ысык-Көл облусундагы Кытай менен болгон чек арага жакын жердеги Ак-Шыйрак аймагында белгисиз 11 адам өлтүрүлгөндөн төрт күн өткөндөн кийин болду.

«Согушкерлерди» издөө операциясы алар Ысык-Көлдөгү аңчылык бирикмесинин жетекчиси Александр Барыкинди өлтүргөндөн кийин бир нече саатка созулган.

Кол салгандар аңчылык чарбасынын жумушчусун өлтүргөндөн соң анын куралын алып, ал жерге барган Ысык-Көл облустук чек ара отряды менен атышып башташкан.

Атышуунун эң башында кол салгандардын экөөсү өлтүрүлгөн. Калгандары андан кийин, Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан “Пикертык” жылынуучу пуктунда курчоого алынышып, жыйынтыгында ошол эле жерде «жок кылынышкан».

Чүй облусунун чек ара отрядынын атайын даярдыктагы аскерлери жүргүзгөн операцияны өкмөт тарабынын түзүлгөн коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Токон Мамытовдун жетекчилиги астындагы ыкчам топ көзөмөлдөгөн.

«Уйгур сепаратисттериби»?

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча, кол салгандар уйгур сепаратисттери болуулары мүмкүн — кытай дипломаттары кыргыз кесиптештери менен болгон жолугушуусунда согушкерлерге каршы күрөшүүдө «жигердүү кызматташууга» даяр экендиктерин билдиришти.

Бирок кыргыз чек арачыларынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде кол салгандардын ким экендигин так айта албай тургандыктарын билдирди.

Учурда өлтүрүлгөндөрдүн сөөктөрү Кыргызстандын аймагында — алардын ким экендиктери аныкталгандан кийин мекенине өткөрүлүп берилет.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кол салгандардын денелерин кытай тараптын өкүлдөрү карап чыгышып, алардын «уйгур улутундагы адамдар экенин жана Кытайдын жарандары да болушу ыктымалдыгын» билдиришкен.

Учурда тергөө иштери Кыргызстандын дароо бир нече мамлекеттик органдары — Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Чек арачылардын маалыматы боюнча, тергөө иштерине Кытай бийлиги да көмөктөшөт.

Автор:  Шахида Дүйшеева