Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги укук коргоочу жана активист Илья Лукашты украиналык Евромайданга байланышкан бардык акциялары тууралуу алдын ала эскертүүсүн өтүндү.
Украинанын европалык багыттагы саясатын колдогондугу менен белгилүү Лукаш өзүнүн саясий көз караштарынан улам бүгүн милициянын өкүлдөрү менен эки жолу жолугуп сүйлөштү.
Биринчи жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы акциялар жөнүндө, экинчисинде Лукаш тарабынан Украинанын европалык багыттагы саясатын колдоп өткөргөн акциялар тууралуу сөз болду.
Лукаш Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде аны менен ШИИБнин башчысынын биринчи орун басары Александр Белунскас сүйлөшкөнүн жана алардын маеги жалпысынан «ынактарча, жакшы тондо » болгонун айтты.
«[Белунскас] менин Орусияда жашаган бардык туугандарым жөнүндөгү маалыматтарды жазып алды. Андан соң менин акцияларым жана саясий көз караштарым тууралуу суроолорду берди», — деди активист.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Лукаш милиция чиновнигинен анын Орусиядагы туугандары жөнүндөгү маалыматтарды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) берээр-бербеси жөнүндө сураган. Буга жооп катары Белунскас аны «ФСБ кызыктырбай тургандыгын» айткан.
Лукаштын айтымында, ШИИБнин башчысынын орун басары андан акциялар тынч жана зордук-зомбулуксуз болушу керектигин өтүнгөн.
«Менин акцияларым көпчүлүк тарабынан колдоого алынбастыгын аныктагандан кийин ал өзүмдүн жеке коопсуздугум үчүн алдын ала милицияга кабарлап туруумду өтүндү», — деди активист.
Евромайданды колдогон бишкектик активист менен болгон бул сүйлөшүүлөр — 2013-жылдын ноябрынан бери Украинанын европалык багыттагы саясатын колдогондор менен расмий Киевдин ортосундагы каршылашуусуна болгон Кыргызстан бийлигинин алгачкы реакциясы.
Буга чейин кыргыз бийлиги милиция менен президент Виктор Януковичтин бийлигинин каршылаштарынын ортосундагы кагылышуулар болуп жаткан Украинадагы саясий толкундоолор боюнча өз позициясын билдирбей келген.
Илья Лукаш — укук коргоочу жана активист. Ал өзүнүн Бишкекте өткөргөн көптөгөн чуулуу акциялары менен белгилүү — алсак, алардын бири Орусиядагы чатактуу Pussy Riot тобунун катышуучуларын колдоого арналган.
Ал ошондой эле Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы буга чейин өткөрүлгөн акциялардын модератору болгон.
Лукаш менен 27-январь күнү күндүз жолуккан Бакыт деген милиция кызматкери Kloop.kgге берген маегинде ШИИБинин жетекчилиги активист менен жакындан таанышууну каалап жатканын билдирген.
Автор: Эльдияр Арыкбаев