2015-жылдан баштап Федералдык миграциялык кызмат Орусияга кирүүнүн жаңы тартиптерин киргизет. Эмдиги жылдан баштап Кыргызстандын жарандарынын аталган өлкөнүн аймагына кирүүсү үчүн чет мамлекетке баруу үчүн берилген паспорттор талап кылынат.
2015-жылдан баштап кыргызстандыктар Орусиянын аймагына ички паспорттор менен кире албай калышат — бул маалыматты Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков ырастады.
«Орусия менен визасыз режимдеги өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да ички документтер болгон ID-карталары менен кире алышчу. Эми жаңы эрежелерге ылайык, биздин жана башка чет өлкөлөрдүн жарандары чет мамлекеттерге баруу үчүн берилген паспорттору менен гана кирип чыга алышат», — деди ал.
Сыдыковдун айтымында, жаңы киргизилген эрежелер Орусиянын аймагындагы миграциялык көзөмөлдү күчөтүү үчүн кабыл алынган.
Эрежелер бардык чет элдик жарандар үчүн, алардын ичинде Орусиядагы мигранттардын көпчүлүгүн түзгөн Украина менен Тажикстандын жарандарына да тиешелүү болот.
Миграциялык мыйзамдарды катаалдатуу боюнча демилге алгачкы жолу Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан Федералдык миграциялык көзөмөлдүн жыйынында өткөн жылдын декабрында айтылган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөгө кирүүнүн жаңы тартиптери Бажы биримдигине кирген Казакстан менен Белорусиянын жарандарына гана тиешелүү болбойт.
Авторлор: Бексултан Искендеров жана Нуржамал Жаныбекова