Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Ички иштер министрлигинин Өздүк коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте 14800 сом жана 100 доллар өлчөмүндөгү акчаны "пара" катары алып жаткан жеринен жол кайгуул кызматкерин кармашкан.
УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиргендей, кармалган адам Жол кайгуул кызматынын башкы инспектору болуп чыккан. Ал жол-транспорт кырсыгын оң жакка чечүүдө кыргыз жаранынан 600 доллар акча алган.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 304 (Кызматтык абалынан кыянат пайдаланган) жана 313 (Опузалап пара алган) беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Учурда кармалган башкы инспектор Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.