Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин өлкөгө автоунааларды алып келип жаткан ишкерлердин көбү «ал бизнес менен алектене албай калышат» — бул тууралуу премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов эксперттик талкуунун жүрүшүндө билдирди.
Өкмөт мүчөлөрү менен эксперттер Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши өлкөгө автоунаа ташып келүүгө байланышкан бизнеске терс таасирин тийгизет деген бир пикирге келишти.
Бажы биримдигине арналган талкуунун жүрүшүндө Бишкек ишкерлер клубунун эксперти Айнура Чекирова: “өкмөт унааларды ташып келүү менен алектенген ишкерлерди коргой алабы?” деген суроо узатты.
«Орусиялык унаа өндүрүүчүлөр өз өндүрүүчүлөрүнүн корголушун талап кылып жатышат. Анан бизде да: өкмөт биздин бул бизнес менен алектенип жаткан ишкерлерди коргой алабы деген суроо жаралууда?» — деди ал.
Бул суроого жооп берип жатып премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов унаа маселесин Бажы биримдигине кирүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөт чече албай турган «оор маселе» деп атады.
«Алынып келинип жаткан унаалар үчүн төлөмдөр жогорулатылат жана ал бизнес азыркыдай эффективдүү болбой калат. Учурда бул бизнестегилер кийин аны менен алектене албай калышат», — деп билдирди ал.
Бирок Панкратов Кыргызстандын рыногу унааларга каныккандыгын, ошондуктан керектөөчүлөр Бажы биримдигине кирүүдөн эч нерсе жоготушпай тургандыгын кошумчалады.
Улуттук статистикалык комитеттин 2013-жыл үчүн берген маалыматтарына ылайык, автоунаалар Кыргызстанга алынып келинип жаткан жалпы товардын 25 пайызга чукулун түзгөн.
Бажы биримдиги — өндүрүүчү өлкөлөр үчүн
Талкуунун жүрүшүндө Кыргызстандын экономикасын Бажы биримдигинин эрежелерине багыттоо мүмкүнчүлүктөрүнө байланышкан маселелер да козголду. Панкратовдун айтымында, Бажы биримдиги кайсы бир продукцияны өндүрүү менен алектенген өлкөлөргө ылайыкташтырылган.
Өкмөт башчысынын кеңешчиси Кыргызстан өз экономикасынын түзүмдөрүн өзгөртүп, Бажы биримдигинин эрежелерине багыт алуусу керектигин билдирди – бирок аларга кандай жолдор менен жетишүү керектиги азырынча «талкууланышы керек болгон маселе» бойдон калууда.
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталган, бирок ал идея өлкөдө көптөгөн сын пикирлерге кабылып келүүдө.
Бажы биримдигине кирүү идеясын колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан, Орусия сыяктуу ири сатуу рыноктору ачылат деп эсептеп жатышса, каршы болуп жаткандар Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө экспорттоо менен Кыргызстандын экономикасына кыйла эле салым кошуп келген ишкерлердин банкрот болушу ыктымалдыгынан чочулап жатышат.
Алардын бул кооптонууларынан улам Кыргызстан эгер Бажы биримдигине кирип калса өлкөнүн ишкерлерин колдоо үчүн атайын фонддун түзүлүшү жана ири базарлар үчүн өзгөчө жеңилдиктердин болушу керектигин билдирүүдө.
Автор: Эльдияр Арыкбаев