Премьер-министр Баткен облусундагы «жатып ичерликке» нааразы

Министрлер кабинетинин башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусунун 2013-жылдагы өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча талкуунун жүрүшүндө облустун бийлигин «жатып ичерлик» жашоо мүнөзү жана «демилгесиздиги» үчүн сынга алды.

Сатыбалдиев «Көк-Таш — Ак-Сай» унаа жолунун курулушу менен таанышып, аймактын 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгаруу үчүн Баткен облусунда иш сапары менен бүгүн 28-январда болуп кайтты.

Өкмөт башчысынын басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, премьер-министр Баткен облусунун бийлигин «жатып ичерлик» жашоо мүнөзү жана «демилгесиздиги» үчүн сынга алып, алардын ишине ыраазы болгон жок.

«Жергиликтүү бийликтегилер демилгечи эмес, мен сиздердин натыйжалуу иштериңиздерди көрбөй жатам. Ал аз келгенсип көңүл болсо жеринде эле ыкчам чечип койчу жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдүн баарын тең Бишкекке түртө саласыңар», — деп билдирди ал.

Ошондой эле премьер-министр жолугушуунун жүрүшүндө Бүргөндү тутумун өздөштүрүү боюнча ишти ойрондоткон аймак бийлигин сынга алды.

«Облустун губернатору да, Кадамжай районунун акими да [Бүргөндү] тутумду канткенде мыкты өздөштүрүү боюнча бир да жолу сунуш киргизишкен жок», — деп билдирди премьер.

Көмөкпул алуучу аймак

Баткен облусу — Кыргызстандын борбордон эң алыс жайгашкан облусу, учурда борбордук бийликтен көмөкпул алуучу аймактардын катарына кирет.

Парламент төрагасынын билдирүүсү боюнча, 2013-жылдын ичинде республикалык бюджеттен облуска 330 млн. сом бөлүнгөн.

Сатыбалдиев Баткен облусунун түшүмдү көп берчү жерлерге ээ айыл аймактары көмөкпул алуучу аймактардын катарынан чыгарыла тургандыктарын билдирди.

“Учурда айыл аймактарынын башчылары жерди иштетүүнү унутуп баратат. Алар жалкоо болуп алышты. Элди маанилүү иштерге тартуунун ордуна өз, өңгө деп бөлүп, ушак таратуу менен алектенишчү болду. Мына ушуга жумшап жатышат алар өз убактысынын көбүн”, – деди ал.

Облус пайдалуу жаратылыш ресурстарынын бар экендигине жана айыл-чарба тармагында мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигине карабастан Кыргызстандын аймактарынын эң артта калганы деп эсептелинет.

Ал Ош облусунунан 2000-жылы, Өзбекстандын ислам кыймылынын мүчөлөрү кирип келишкенден кийин ажыратылып, өз алдынча облус болуп жарыяланган — анда бийликтегилер өлкөнүн бул бөлүгү өз алдынча башкарылышы керек деген чечимге келишкен.

Баткен облусу Кыргызстан менен аймакты курчап турган Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы жаңжалдан кийин акыркы айлардан бери бийликтегилердин көңүл чордонунда болуп келүүдө.

Автор:  Айзирек Алмазбекова