Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт

Өзүнүн бир күндүк иш сапарында Өкмөт башчы Көк-Таш – Ак-Сай унаа жолунун курулушу менен таанышат жана аталган айыл тургундары менен жолугат.

Андан сырткары Сатыбалдиев өкмөтүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышат. Анда облустун өткөн жыл жыйынтыгы чыгарылып, 2014-жылга милдет жана тапшырмалар коюлат, деп билдирет Өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү.