Аксыда дайынсыз жоголгон беш тургундун экөөсү көчкү астынан табылды

Аксы районунун Кашка-Суу айылдык аймагынан 27-январда беш адам мал издеп чыгып, ошол бойдон кайтып келишкен эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу тобу менен кошо жергиликтүү жүздөй киши эки күндөн кийин дайынсыз жоголгондордун экөөсүнүн жансыз денесин кар астынан табышкан.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, издөө иштери бүгүн 29-январда эртең менен башталып, анын жүрүшүндө Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу Жайык айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Айталиев Таалай Тургунбековичтин сөөгү, арадан бир саат өтпөй ошол эле айылдын жашоочусу 1993-жылы туулган Апсалбек уулу Мунарбектин жансыз денеси кар астынан табылган.

Калган дайынсыз жоголгондор:
Шатманов Мирлан Мамадалиевич, 1977-жылы туулган;
Кокоев Эрнис Жанышбекович, 1978-жылы туулган;
Шерматов Мирлан Эрматович, 1981-жылы туулган.

Дайынсыз жоголгондорду издөө эртең улантылат.

Автор: Тазим Жекшенбаева