Кыргызстанда алгачкы толук метраждуу анимациялык тасма тартылды

“Айтыш Фильм” киностудиясында “Аку’’ деп аталган толук метраждуу анимациялык тасма тартуу иштери аяктоодо. Тасма ушул жылы жазында өз көрармандарына сунушталат.

Тасманын режиссёру Төлгөбек Койчумановдун айтуусунда, толук метраждуу мультфильм тартуу идеясы студенттик жылдарда эле жаралган.

‘’Аку - бул тасмадагы башкы каармандын эркелеткен аты. Тасмада кичинекей кезинен бери дос болуп келген бала менен кыздын тагдыры чагылдырылат. Чоңойгондо кыз чет өлкөгө кетип, бала болсо Бишкекте калат. Экөө көптөн бери сезбей жүргөн өзгөчө сезимди, достукту алыстан сезишет”,-деп Kloop.kgге баяндап берди тасманын режиссёру Төлгөбек Койчуманов.

Тасма тартуу үч жылга созулган. Анда кино жана мультипликация адистер тобу иштеген.

Режисcёр мындан сырткары кыргыз эпосторун тартууну пландап жатканын кошумчалады.