Бишкектин эң кооз имараты

Kloop.kgнин редакциясынын берген баасы боюнча, Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн имараты Кыргызстандын борборундагы эң кооз, ошол эле учурда эң белгисиз имарат деп табылды. Kloop.kgнин кабарчылары аталган имаратты сүрөткө тартып, аны бишкектик тааныштарына көрсөтүшкөндө алардын көбү имаратты тааныбай коюшкан.hirurg_1702Легендарлуу алматылык архитектор Андрей Зенков тарабынан долбоорлоргон ал имарат 1926-жылы курулган жана XX кылымдын башындагы стилге мүнөздүү болгон орус курулуштары менен чыгыш архитектурасынын өзгөчө аралашмасы болуп саналат. Ал Москва, Тоголок Молдо, Бөкөнбаев жана Логвиненко көчөлөрү менен курчалган.hirurg_1706 (1)Бишкекте жайгашкан тарыхый объект үчүн бул имарат таң калычтуу жакшы абалында сакталып калган.hirurg_1705Аны менен бир убакта курулган имараттарды көбү бузулган же өтө аянычтуу абалда. Ал эми хирургия бөлүмүнүн имараты бир нече жолу оңдолуп-түзөлгөн.hirurg_1698Ырас, имараттын кээ бир жерлериндеги боекторду түтүктөр аркылуу аккан суу жеп кеткен.hirurg_1704Имарат кварталдын тереңинде жайгашып, бир дагы көчөгү чыкпагандыктан жарнамалык такталар менен көркүн кетирген эмес.hirurg_1707Албетте дарыкана жазуусун эсепке албаганда.hirurg_1703Архитектор Нурадин Алыбаев: «Имараттын ортосунда чыгып турган жери өзгөчө. Өтө жакшы көрүнүшкө ээ терезелери тууралуу айтпай кое албайм. Ошондой эле имараттын өзгөчө кызыл түсү өтө өзгөчө. Бүгүнкү күндө имараттардын баары эле бир түргө ээ, түстөрү окшош жана кызыксыз».hirurg_1700Зенков хирургия бөлүмүнүн имаратынан сырткары Фрунзедеги эң алгачкы Министрлер кеңешинин имаратын долбоорлогон. Учурда ал имаратта Кыргызстан элдеринин ассамблеясы менен Маданият министрлиги орун алган. Ал имаратта да чыгыш архитектурасынын элементтери камтылган.
Kloop.kgнин редакциясы Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн имараты Бишкектеги эң кооз имарат деп бир добуштан чечим кабыл алды.hirurg_1699Авторлор: Камила Баймуратова жана Алибек Тынаев
Эгер сиздер Бишкектеги кайсы бир башка имаратты коозураак деп эсептесеңиз материалдын төмөнкү жагындагы пикир калтыруу бөлүмү аркылуу билдирсеңиздер болот.