Эгер Жогорку сот добуш берүү маалында мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу билдирген «Улуттар Биримдиги» партиясынын доо арызын канааттандырса Оштун мэри кайрадан шайланат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Ош шаарынын мэрин шайлоодо «добуш берүүнүн сыры бузулгандыгы» тартылган видео боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Ал бул аракетин «Улуттар Биримдиги» добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу өз учурунда билдирбегендиги менен түшүндүрдү. Анын айтымында, эми кайрадан шайлоо өткөрүү жөнүндөгү чечимди Жогорку сот гана кабыл алат.
«Бул маселе [кайрадан шайлоо өткөрүү жөнүндөгү] мезгилсиз айтылууда. Учурда Жогорку сотто сот процесси жүрүп жатат. Кандай чечилсе ошондой болот», — деп билдиришти Боршайкомдон Kloop.kgнин кабарчысына.
Шайлоодо жеңилип калган Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясы видеодо көрсөтүлгөн мыйзам бузуу фактыларына таянып, учурда түштүк борбордогу шайлоонун жыйынтыктары боюнча Жогорку сотто соттошууга аракет кылууда.
Интернетке 29-январда чыккан видеого ылайык, депутаттардын көбү бюллетендерин урнага таштаганга чейин Ош шаардык кеңешиндеги «Республика» фракциясынын лидери Арфидин Алановго көрсөтүшкөн.
Азырынча Алановдун өзү видеодо көрсөтүлгөндөр боюнча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.
«Республика» — Ош шаардык кеңешинде 2013-жылдын аягында түзүлгөн жаңы бийликчил көпчүлүк коалициянын курамындагы беш партиянын бири.
Оппозиция бийликтегилердин шайлоонун алдындагы аракеттерин сынга алышкан.
Алсак, «Улуттар биримдиги» Бишкектеги борбордук бийлик алардын депутаттарына басым жасап жаткандыгын, андан улам партия башында турган көпчүлүк копалиция таркап кеткенин билдирип бир нече жолу билдирип даттанган.
Оштун мэри болуп 45 депутаттын 25нин добушу менен бийликчил тарапкер Айтмамат Кадырбаев шайланган.
Автор: Нуржамал Жаныбекова