Экс-акыйкатчы: Милиция Ош облусунун үч жашоочусуна «атайылап маңзатын таштаган»

Ош облусунун үч тургуну өткөн жылы баңгизат колдонууга жана сатууга шектелип кармалышкан. Мурунку акыйкатчы милиция тыюу салынган заттарды кармалгандарга «өзүлөрү салып жиберишип», аларды мойундарына алдырыууга  «кыйнап» мажбурлашып, акча талап кылгандыктарын билдирүүдө.

Ош облусунун Султаналы Молдошев, Жумабек Сариев жана Шералы Нышанбаев аттуу үч жараны өткөн жылдын ноябрында баңгизатын колдонууга шектелип кармалышкан.

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун алар мыйзамсыз кармалгандыктарын айтып, ишендирүүгө аракет кылдууда. Анын айтымында, Маңзатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү 5 грамм героинди өзүлөрү атайылап эле таштап, кармалгандарды «кыйноо» жолу менен күнөөлөрүн моюнга алууга мажбур кылышкан.

Маңзатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусундагы өкүлү Kloop.kgге берген маегинде аларда бул боюнча маалымат жок экендигин билдирип, комментарий берүүдөн баш тартты.

Авторлор: Гүлжан Турдубаева жана Нуриза Самарбекова