Милиция оң рулдуу унааларды ташып келүүгө тыюу салууну сунуштап жатат

Жол кайгуул кызматы Кыргызстанга оң рулдуу унааларды ташып келүүгө тыюу сала турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Буга чейинки мындай идеялар айдоочулар тарабынан катуу сынга кабылып, алардын каршылыктарын жаратып келген. Бирок милиционерлер оң рулдуу унаалар «өлкөдөгү жол кырсыктарынын санынын өсүүсүнө» себеп болуп жаткандыгын айтып, ынандырууга аракет кылып жатышат.

Кыргызстандын Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) башчысынын орун басары Темиркан Керимбаев Kloop.kgге берген маегинде мыйзам долбоору өлкөдөгү жол кырсыктарынын санынын өсүп кеткендигинен улам иштелип чыгып жатканын билдирди.

Милиция мындай көрүнүшкө өлкөдө оң рулдуу башкаруудагы унаалардын көптүгү себеп болуп жатканын билдирүүдө.

«Унааларынын рулдары оң тарапта болгон айдоочулар сол тараптуу кыймылдуу өлкөлөрдө жүрүүлөрү керек», — деди Керимбаев.

Айтымында, ЖКК азырынча мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун үстүндө жана ага керектүү материалдарды чогултуп жатат.

«Качан материалдардын бардыгы даяр болгондо алып чыгабыз», — деди ЖККнын башчысынын орун басары.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунда учурда Кыргызстандын аймагында жүргөн оң рулдуу башкаруудагы унааларга карата кандайдыр бир чектөөлөр сунушталбайт.

«Ал [мыйзам долбоору] биздеги азыркы унаалардын айдоочуларынын кызыкчылыктарына зыянын тийгизбейт», — деп убадалады ал.

Кыргызстанда оң рулдуу башкаруудагы унааларга тыюу салуу идеясынын пайда болгондугуна 8 жылдын жүзү болду.

2006-жылы парламент депутаттары оң рулдуу унаалар «авариялык кырдаалдарды» жаратат деп, алардын өлкөнүн аймагында жүрүүсүнө тыюу салууну демилгелешкен.

Мыйзам долбоору парламентте үч окуудан тең өткөн, бирок акыркы жактыруудан колдоо тапкан эмес.

Анда айдоочулардын «Союз Правых» коому нааразычылык акциясын өткөргөн соң бийликтегилер толкундоолордон кооптонушуп тыюу салуу идеясынан баш тартышкан болчу.

Оң рулдуу унааларга тыюу салуу демилгеси 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин кайрадан көтөрүлүп чыкты.

Парламентарийлер аталган башкаруудагы унааларды жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан.

Бирок идея унаа сүйүүчүлөр тарабынан каршылык көрсөтүүлөргө дуушар болуп, алар нааразычылык акцияларына чыгышкан.

Автор:  Айрин Абдракманова