Парламент чек арага жакын райондордун абалын жабык эшик артында талкуулап жатат

Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөттүн мүчөлөрү чек арага жакын жайгашкан райондордун абалдарына арналган жыйынды жабык эшик артында өткөрүү чечимине келишти. Журналисттердин пленардык жыйындан чыгып турууларын өтүнүштү.

Көпчүлүк добуш менен чек ара райондорунун абалдарына арналган жыйынды жабык эшик артында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Алгач, талкуу жабык эшик артында өтпөшү керек болчу. Анда парламентарийлер менен өкмөт мүчөлөрү Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан райондорунун социалдык-экономикалык абалдарын талкуулоону пландап жатышкан.

Өлкөдө чек ара маселеси акыркы бир нече айдан бери Тажикстан менен чектешкен Баткен облусундагы чек ара жаңжалдарынан кийин курч турууда.

11-январда болгон талаштан улам эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болуп, жыйынтыгында 7 киши түрдүү жарааттарды алышкан.

Анда жаңжал Баткен облусу менен Тажикстандын чегиндеги талаш тилкесиндеги жолдун курулушунан улам келип чыккан. Андан бери эки тарап тең атышууну алар баштабагандыктарын айтып, далилдөөгө аракет кылып жатышат.

Мындан эки күн мурун премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусуна иш сапары менен барып келген.

Анда өкмөт башчысы жергиликтүү бийликти «жатып ичерлик» жашоо мүнөзү жана «демилгесиздиги» үчүн сынга алып, алардын ишине ыраазы болбогондугун билдирген.

«Жергиликтүү бийликтегилер демилгечи эмес, мен сиздердин натыйжалуу иштериңиздерди көрбөй жатам. Ал аз келгенсип көңүл болсо жеринде эле ыкчам чечип койчу жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдүн баарын тең Бишкекке түртө саласыңар», — деген премьер-министр 28-январдагы иш сапарынын жүрүшүндө. Ошондой эле өкмөт башчысы жергиликтүү бийлик облустун өнүгүшү боюнча эч нерсе демилгелебей жаткандыгын да айткан.

Баткен облусу пайдалуу жаратылыш ресурстарынын бар экендигине жана айыл-чарба тармагында мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигине карабастан Кыргызстандын аймактарынын эң артта калганы деп эсептелинет.

Ал Ош облусунунан 2000-жылы, Өзбекстандын ислам кыймылынын мүчөлөрү кирип келишкенден кийин ажыратылып, өз алдынча облус болуп жарыяланган — анда бийликтегилер өлкөнүн бул бөлүгү өз алдынча башкарылышы керек деген чечимге келишкен.

Автор: Нуржамал Жаныбекова