Америкада мерт кеткен кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн каражат топтолууда

Чикагодо жашап эмгектенген кыргызстандык Нуржигит Капарбеков мындан эки күн мурун жол кырсыгына учурап, каза тапкан. Анын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн интернетте атайын кор түзүлүп, учурда 20 миң доллардын 12 миңи чогултулган.

АКШнын Иллинойс штатындагы кыргызстандыктардын Кыргыз-америка бирикмеси өзүнүн расмий барагында Нуржигит Капарбековдун каза болгондугу туурасында кабарлап, кайдыгер карабагандарды жардам берүүгө кайрылышкан.

Кыргыз-америка бирикмесинин барагында белгиленгендей, 24 жаштагы кыргызстандык Нуржигит Америкада айдоочу болуп эмгектенген. Ал Мичиган штатында жумуштап жүрүп унаа кырсыгынан каза тапкан.

Учурда анын денесин мекенине алып келүү үчүн интернет аркылуу каражат чогултулууда. Талап кылынган 20 миң доллардын 12 миңи кайрылуу жарыялангандан тарта бир күн өтпөй 300дөй адамдын салымы менен чогултулган.

Автор: Тазим Жекшенбаева