Депутат Нурлан Сулайманов парламент жыйындарына 30 жолудан ашык катышпагандыгы үчүн ыйгарым укуктарынан ажыратылды. Боршайкомдун маалыматы боюнча, ал 2012-жылдан бери чет өлкөдө.
Сулайманов өлкөдөн 2012-жылы чыгып кеткен, ошондон бери Кыргызстандын аймагына кире элек — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Боршайкомдун басма сөз катчысы Кыял Бектурова билдирди.
«Ал жыйындарга 30дан ашык жолу катышкан эмес, өлкөдөн да чыгып кеткен», — деди ал.
Басма сөз катчы Боршайком парламент жыйындарына катышпагандыгы үчүн бул чакырылышта депутатты ыйгарым укуктарынан биринчи жолу ажыратканын кошумчалады.
24.kg маалымат агенттигинде жазылгандай, Сулаймановдун жардамчысы БШК мүчөлөрүнө анын башчысынын жүрөгүнө операция жасалганын жана бардык керектүү маалымкаттарды парламент менен Боршайкомго алып келип бере тургандыгын айткан.
Бирок ага карабастан БШКнын бардык мүчөлөрү тең депутатты ыйгарым укуктарынан ажыратуу үчүн добуш беришкен.
«Ата-Журт» фракциясынан парламент депутаты Нурлан Сулайманов транспорт министри жана Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясын башкарып турганда коррупциялык иштерге барган деп шектелүүдө.
Бул кызматтарда ал 1998-жылдан 2010-жылга чейин иштеген.
Башкы прокуратура ага каршы кылмыш ишин 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин козгогон. «Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, кылмыш иши «АзияУниверсалБанктагы» эсебине мамлекеттик каражаттан 206 млн. сом которулгандыгына байланыштуу.
Бийлик тарабынан Сулаймановдун дарегине айыптоолор айтылгандан кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен, эми анын азыр кайсыл жерде экендиги белгисиз.
Автор: Бексултан Искендеров