Кар көчкүсүнөн улам Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды

31-январь күнү эртең менен түшкөн кар көчкүсү Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирип турган жалгыз унаа жолдогу унаа кыймылын токтотту — бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Кар көчкүсү 31-январь күнү эртең мененки саат 6:30да Бишкек-Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы бөлүгүнө түшкөн.

Жол кеминде дагы эки күн жабык болот, деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.

Учурда жол автоунаалар үчүн жабык. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, кар көчкүсүнөн эч ким жабыр тарткан эмес.

«Тыгында тургандар жылынуучу жайлар менен камсыз болушат, анткени кар көчкүсүн айланып өтчү башка жолдор жок», — деп билдиришти ӨКМден.

Бул акыркы айдын ичиндеги биринчи көчкү эмес.

Бир нече күн мурун Жалал-Абад облусунун Аксы районунда көчкүнүн астында калып беш кыргызстандык каза болгон.

Алардын денелери кечээ гана табылган.

Бишкек-Ош жолу — өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырып турган жалгыз унаа жолу болуп эсептелет.

Автор: Нуриза Самарбекова