Бишкек-Ош унаа жолу 31-январь күнү көчкү түшкөнүнө байланыштуу жабылууда. Учурда кар тазалоо жумуштары жүрүп жаткандыгын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымына туура келген Көчкү-Булак аймагында кар көчкүдөн улам убактылуу жол жабылган. Аталган аймак Чычкан капчыгайында жайгашкан.
“Азыр жол тазалоо иштери жүрүп жатат. Жолдун канча жабык турушу, качан ачылышы туурасында дагы кошумча маалымат беребиз”, - деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматынын өкүлү.
Автор: Тазим Жекшенбаева