ӨКМ: Бишкек-Ош жолу убактылуу жабык

Бишкек-Ош унаа жолу 31-январь күнү көчкү түшкөнүнө байланыштуу жабылууда. Учурда кар тазалоо жумуштары жүрүп жаткандыгын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымына туура келген Көчкү-Булак аймагында кар көчкүдөн улам убактылуу жол жабылган. Аталган аймак Чычкан капчыгайында жайгашкан.

“Азыр жол тазалоо иштери жүрүп жатат. Жолдун канча жабык турушу, качан ачылышы туурасында дагы кошумча маалымат беребиз”, -  деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматынын өкүлү.

Автор: Тазим Жекшенбаева