30-январдагы өкмөттөр аралык жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Сүйлөшүүлөрдүн мазмуну азырынча белгисиз бойдон калууда, бирок өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, министрлер 11-январдагы жаңжалдан кийин чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулашкан.
Билдирүүдөн ошондой эле сүйлөшүүлөр тажик тараптын өтүнүчү менен Кыргызстандын аймагында өткөндүгү белгилүү.
Өлкөдө чек ара маселеси январдын башында орун алган кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан кийин курч болууда.
Анда жаңжалдын келип чыгышына Ворух тажик анклавын айланып өтчү кыргыз жолунун курулушу себеп болгон.
Ок атышуунун жыйынтыгында 7 киши жараат алган. Кагылышуудан кийин эки тарап тең жаңжалды биринчилерден болуп баштабагандыктарын айтып чыгышкан.
Ок атышуудан кийин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган бир нече жолу эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн.
Бирок азырынча бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары дээрлик ачыкка чыгарыла элек, болгону чек арадагы талаш жерлерди чечүү маселелери боюнча кызматташуу жөнүндөгү жалпы макулдашуулар гана белгилүү.
Кыргыз бийлигинин билдирүүсү боюнча. учурда чек арадагы абал туруктуу бойдон калууда.
Татаал чек аралар
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасы түзүлгөн. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.
Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып келүүдө.
Акыркы бир жылдын ичинде эле Ворухтун айланасында мындан башка эки олуттуу жаңжал болгон.
Өткөн жылдын апрелинде чек арага жакын айылдардын 100гө чукул жашоочусу Кыргызстандын тажик аймагын айланып өтчү жолду куруп баштаганынан улам мушташып кетишкен.
19-декабрда Ак-Сай кыргыз айылынын жашоочулары айылдашынын жайкы эс алуу курулушун Тажикстандын жарандары өрттөгөн деген шек менен ворухтуктардын өз өлкөсүнүн негизги аймагына барчу жолун тосуп алышкан.
Жаңы жылга аз күн калганда Тажикстан өзүнүн бронетанкалык куралдарын чек ара аймагына жакындаткан. Бул өз кезегинде Кыргызстандын бийлигинин нааразычылыгын жаратып, ал коңшу өлкөдөн техникасын алып кетүүсүн өтүнгөн.