Microsoft компаниясы үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен баштап Windows XP операциялык системасы менен Microsoft Office колдонмолор пакетинин жаңыланууларын чыгарууну расмий токтото тургандыгын билдирди.
2014-жылдын 8-апрелинен баштап Windows XP операциялык системасы менен иштеген компьютерлер коопсуздук жагынан начарыраак болуп калышат, анткени аларга жаңы жаңылануулар чыгарылбай калат — бул тууралуу өз билдирүүсүндө Microsoft компаниясынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн маркетинг боюнча менеджери билдирди.
Драйверлердин программаларын колдоо дагы токтотулат, бул жаңы принтерлер, сканерлер сыяктуу башка каражаттар Windows XP операциялык системалуу компьютерлерде иштебей калуу ыктымалдыгын жаратат.
Бирок Microsoft өз блогу аркылуу билдиргендей, компания Windows XP операциялык системасы менен иштеген компьютерлердин вирустарга каршы коргоонуусун камсыз кылып турчу продуктулары үчүн жаңыланууларды 2015-жылдын ортосуна чейин чыгаруусун улантат.
«Windows XP жана Office 2003 орнотулган компьютерлер менен иштеп жаткан компаниялардын бүгүнтөн баштап жаңы версияларына өтүп баштоосу маанилүү, анткени бул алардын коопсуздуктарынын деңгээлин жогорулатат», — деп жазган Microsoft компаниясынын менеджери.
Windows XP операциялык системасы 2001-жылдын аягында чыгып, ага чейинки Windows 2000ди алмаштырган.
Net Marketshareдин маалыматы боюнча, ал бүгүнкү күндө дүйнөдөгү популярдуу операциялык системалардын катарында — Windows XP колдонуучулардын саны боюнча Windows 7ден кийинки экинчи орунда турат.
Windowsго альтернатива катары Microsoft компаниясынын атаандаштарынын бири болгон Linuxтун операциялык системаларын айтсак болот.
Алардын принципиалдуу айырмачылыгы – Linux бекер таратылат жана каалаган колдонуучу өзгөртө ала турган ачык программалык коддорго ээ.
Автор: Улан Мырза