Оштун милициясы президенттин сүрөтүн өрттөгөндүгү үчүн Ош облустук ИИБсинин мурунку башчысына каршы кылмыш ишин козгоду.
Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) мурунку башчысы Абдылда Капаров үстүбүздөгү жылдын 15-январында өткөн Оштун мэрин шайлоо маалында президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн деп айыпталууда.
Бул үчүн Оштун милициясы ага карата «бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, бир нече жолу суракка чакырган.
«Учурда ал эркиндикте. Тергөө органдары митингдеги сүрөттөр менен видеоматериалдарды иликтеп жатышат», — деди Ош облустук ИИБсинин басма сөз кызматынын башчысы Замир Сыдыков Kloop.kgге берген маегинде.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде эгер Капаров башка каалаган саясатчынын сүрөтүн өрттөсө милиция кылмыш ишин козгобой эле коюшу ыктымалдыгын айтты.
Капаровдун өзү комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.
«Бейбаштык» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши үчүн эң жеңил жаза — бул 10 миң сомго чейинки айып төлөө, ал эми эң катаал жаза болуп 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы эсептелинет.
«Президенттин ар-намысын коргоо»
Kloop.kg тарабынан сурамжыланган юристтер кылмыш ишинин козголушу боюнча ар түрдүү пикирлерин билдиришти.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кылмыш иши мыйзамдуу негизде козголгон деп эсептейт.
Ал өлкө башчысынын абийири менен ар-намысын коргоо тууралуу айтылган беренени камтыган «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамга таянууда.
«Ал мыйзамга ылайык, президенттин сүрөтүн өрттөө анын [өлкө башчысынын] абийири менен ар-намысын кемсинтүү аракети катары эсептелинет», — деди Абдирасулова.
Юрист Нурбек Токтакунов тескерисинче, мурунку жогорку кызматтагы чиновник президенттин сүрөтүн өрттөгөндүгү үчүн жазаланбашы керек деп эсептейт.
«Кандай болгондо да ал кылмыш эмес», — деди юрист.
«Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамда өлкө башчысынын абийири менен ар-намысы мыйзам менен корголот деп жазылган.
«Кыргыз Республикасынын президентинин абийири менен ар-намысына шек келтирген маалыматтар таратылган учурларда, эгер прокурорлордун башка чаралары тиешелүү жыйынтыктарды алып келбесе Кыргыз Республикасынын башкы прокурору президенттин атынан анын абийири менен ар-намысын коргоо үчүн сотко кайрылууга милдеттүү», — деп жазылган мыйзамда.
Авторлор: Дарина Манасбекова жана Айдина Аманжанова
Редактор: Шахида Дүйшеева