Кыргызстандын борборунда башка географиялык объектилердин атынан аталган көчөлөр ондоп саналат. Алар кандай көрүнүштө? Ал атынан аталып жүргөн шаарларга канчалык окшош?
Варшава көчөсү:Польшанын борбору Варшава шаарынын атынан аталган:Ереван көчөсү:Армениянын борбору Еревандын атынан аталган:Киев көчөсү:Украинанын борбору Киевдин атынан аталган:Кишинёв көчөсү:Молдованын борбору Кишинёвдун атынан аталган:Кронштад көчөсү:Орусиянын Ленинград облусундагы порттук Кронштад шаарынын атынан аталган:Минск көчөсү:Белоруссиянын борбору Минск шаарынын атынан аталган:Москва:Орусиянын борбору Москванын атынан аталган:Рига көчөсү:Латвиянын борбору Риганын атынан аталган:Саратов көчөсү:Орусиянын Саратов облусундагы Саратов шаарынын атынан аталган:Скандинавия көчөсү:Скандинавия жарым аралынын атынан аталган. Иллюстрация катары Швециянын борбору Стокгольм колдонулду:Таллин көчөсү:Эстониянын борбору Таллиндин атынан аталган:Ташкент көчөсү:Өзбекстандын борбору Ташкенттин атынан аталган:Тблиси көчөсү:Грузиянын борбору Тбилисинин атынан аталган:Харьков көчөсү:Украинанын Харьков облусундагы Харьков шаарынын атынан аталган:Хива көчөсү:Өзбекстандын Хорезм облусундагы Хива шаарынын атынан аталган:Ялта көчөсү:Украинанын Крым автономиялуу республикасындагы Ялта шаарынын атынан аталган:Бишкектин көчөлөрү тартылган сүрөттөрдүн авторлору Майрам Абакирова менен Дильшад Камирдинов. Шаарлардын сүрөттөрү Бектур Искендердин жеке архивинен, ошондой эле «Википедиядан» алынды.
Албетте, бул башка шаарлардын атынан аталган Бишкектеги көчөлөрдүн толук тизмеси эмес. Эгер сиздерде дагы башка көчөлөрдүн сүрөттөрү бар болсо bektour@kloop.kg дарегине жөнөтүңүздөр.