УКМК ОшТВнын кеңсесин тинтти

Оштогу ири каналдардын биринин кеңсеси «аймактар аралык кастыкты козуткан» деп айыпталгандан кийин УКМК тарабынын тинтүүгө дуушар болду. Каналдын башкы директору бийликчил партия тарабынан басым жасалып жаткандыгын кыйытты.

Түштүк борбордун мурунку мэри, оппозиционер Мелис Мырзакматовго лоялдуулугу менен белгилүү болгон ОшТВ телекомпаниясы эфирден көрүүчүлөрдүн мыйзам бузган СМС-билдирүүлөрүн кетирген деп бийлик тарабынан айыпталууда.

Алсак, ал билдирүүлөрдө «аймактар аралык кастыкты козутуунун жана өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүүнүн белгилери бар болгон» — деп жазылган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) пресс-релизинде.

ОшТВга кылмыш иши 29-январь күнү козголгон.

Кеңсени тинтүү 31-январь күнү, качан телеканалдын жетекчилиги кылмыш иши үчүн УКМКга архивдик документтерди берүүдөн баш тарткандан кийин жүргүзүлгөн.

«Мындан улам ал кылмыш ишин тергөө үчүн маанилүү болгон буюмдардын жоготулуп же бузулушун алдын алуу максатында Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде телекомпаниянын административдик имаратында тинтүү иштери жүргүзүлдү», — деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

ОшТВнын башкы директору Эрнис Кыязов өзүнүн «Фэйсбук» коомдук желесиндеги баракчасына борбордук бийликтин телеканалга карата жасап жаткан аракеттерине нааразычылыгын билдирип бир нече билдирүү жазган.

Кыязов жеке баракчасына чыгарган Ош шаардык сотунун токтомунда кеп улуттар аралык же аймактар аралык кастыкты козутуу жөнүндө гана болгон эмес.

Алсак, анда СМС-билдирүүлөр аркылуу «эч кандай фактысы жок, өлкөнүн жетекчилигинин саясий багытына нааразы болгон объективсиз жана бир тараптуу маалыматтар тууралуу кескин түрдө айтылган».

Соттун токтомунда баардык аймактар аралык кастык тууралуу маалыматтар «бир катар СМС-билдирүүлөр «Кыргызстандын калкын түндүк-түштүккө бөлүүгө багытталган» деген гана сөздөр менен сүрөттөлгөн.

КСДПнын басымыбы?

Кыязовдун маалыматтарына ылайык, УКМК тергөө иштерин Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) тарабынан даттануулар болгондон кийин баштаган.

«Кептин жөнү мындай: ОшМУнун ректору — Каныбек Исаков — КСДП фракциясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты. Бир нерсени түшүндүңөрбү? Анда азаматсыңар», — деп жазган Кыязов.

Бийликчил Социал-демократиялык партия (КСДП) 2013-жылдан бери шаардык кеңештеги башкаруучу коалициянын негизги күчү болуп эсептелет. Ал 15-январдагы мэрди шайлоодо өз кишиси болуп саналган Айтмамат Кадырбаевдин жеңишке ээ болушуна жетишкен.

Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун оппозициялык «Улуттар биримдиги» партиясы Жогорку сотко ал шайлоодогу «мыйзам бузууларга» байланышкан доо арызын жөнөткөн.

Алардын бири болуп шайлоодо добуш берүүнүн сырынын бузулгандыгы эсептелинет — январдын соңунда Интернетке чыккан видеого ылайык, «Республика» коалициялык фракциясынын депутаттары бюллетендерин үкөккө таштаардан мурда өз лидери Арфидин Алановго көрсөтүшкөн.

Автор: Бектур Искендер