ИИМ: Кумсаларга карата зомбулук көрсөтүлүп жатат деген айыптоолор – «далилсиз»

Ички иштер министрлиги «Хьюман Райтс Уотч» укук коргоо уюмунун Кыргызстандын милиция кызматкерлери кумсаларга карата дайыма зомбулук көрсөтүшөт деген айыптоолорун «далилсиз» деп атады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде «Хьюман Райтс Уотч» уюмунун (HRW) баяндамасында айтылган айыптоолор — «далилсиз» экенин билдирди.

«Бизде баары эле укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу далилсиз билдирүүлөрдү таратканды билет, далилдерди келтиришсин да», — деди ал.

Абдраимов HRW уюмун баяндамасындагы окуялар боюнча ИИМге кайрылууга чакырып, жооп катары укук коргоо органдарында териштирүүлөр болоорун убадалады.

«Биз ал ишти териштиребиз, же башка компетенттүү органдар териштиришет», — деп эсептейт Абдраимов.

Уюмдун 70 беттен турган баяндамасы 29-январда жарыяланды. Анда жазылгандай, милиция кызматкерлери тарабынан кумсаларга карата жасаган зордук-зомбулуктар ар дайым болуп турат.

Баяндама үчүн акыркы жылдары укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринен жабыр тартышкан 40 кумса жана бисексуалдар сурамжыланышкан.

«Көпчүлүгү милиция тарабынан физикалык жактан зомбулуктарга, коркутуп-үркүтүүлөргө жана акча талап кылууларга туш болгондуктарын айтышкан», — деп жазылган баяндамада.

Алардын арасында милиция кызматкерлери тарабынан зордукталгандары да болгон.

«Бир нече киши милиция кызматкерлери тарабынан зордукталгандыктарын билдиришти. Ошондой эле топтук зордуктоого, арткы жагына милиция союлун, балканын сабын же электрошокерди киргизүү, тинтүү маалында ылайыксыз кармалоо же милиция кызматкерлеринин алдында күчтөп чечиндирүү сыяктуу аракеттерге туш болушкан», — деп билдиришүүдө HRW уюмунун изилдөөчүлөрү.

Кылмыш иштери козголбойт

Уюм милиция кызматкерлери көпчүлүк учурларда кумсаларды акча талап кылуу үчүн кармай тургандыктарын белгилөөдө.

Кыргызстанда гомофобиянын жайылганын эске алуу менен кумсалар алардын ориентациялары тууралуу досторуна, туугандарына жана коомчулукка белгилүү болуп калбашы үчүн погончондорго акча берүүгө макул болушат.

Ошондой эле зомбулукка туш болгон кумсалардын кийин прокуратурага же эл аралык уюмдарга даттанууга даярлары өтө эле аз кездешет.

Ал эми бул боюнча кимдир бирөөнүн жазага тартылган учурлары таптакыр жок.

«Эки учурда гана биз менен маектешкен адамдар милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар болгондугу боюнча расмий түрдө даттанышкан. Биринчисинде прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тарткан, экинчисинде болсо – жабырлануучу эч кандай жооп албаган бойдон калган», — деп жазылган баяндамада.

HRW Кыргызстандын бийлиги үчүн бир топ сунуштамаларды иштеп чыккан, алардын арасында Ички иштер министрлигин мындай көйгөйдүн бар экендигин моюнга алып, андай практика менен күрөшүү жөнүндө жар салуу чакырыктары бар.

Түндүктө гана эмес

Баяндамада кумсаларга карата жасалган көптөгөн зомбулук окуялары тууралуу кеңири жазылган.

Аларга ылайык, андай учурлар Бишкекте гана эмес өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө коомчулуктагы гомофобиянын жогорку деңгээлинен улам кумсаларды оңой эле коркутуп коюууга болчу Кыргызстандын түштүгүндө да болуп турат.

«Мен үчүн качан алар үй-бүлөмө айтабыз деп коркутканда эң жаман болгон. Менин бир туугандарым өтө динчил адамдар. Бир сөз болсо эле болду – менин ишим бүтмөк. Мен милиция кандай айтса ошондой кылып жаздым. Анткени үй-бүлөмө айтып салышабы деп абдан коркком. Фамилиямды, дарегимди жазып бердим. Эмне кылаарымды билбей калгам. Мен аларга 3000 сом берээримди убадалагандан кийин кое беришкен», — деп айтып берген Кыргызстандын түштүгүндөгү кумсалардын бири HRW уюмунун изилдөөчүлөрүнө.

Негизинен Кыргызстандын бийлиги адам укуктарын коргой тургандыктары жөнүндө билдирип келишет. Акыйкатчылар да — учурдагысы да, мурдагысы да — кумсалардын укуктары үчүн кадимки жалпы адамдардын укуктары үчүн күрөшкөндөй күрөшө тургандыктарын айтышкан.

«Бирок анын [мурунку акыйкатчы Турсунбек Акундун] ЛГБТ коомчулугунун [гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөр] укуктарын талкууга алып чыгуу жөнүндөгү чечими коомчулук тарабынан негизинен терс кабыл алынган», — деп белгилейт HRW.

Автор: Айзирек Алмазбекова