Бишкек-Ош унаа жолу бүгүн саат 13:00 чамасында толугу менен кардан тазаланып унаалар өтө баштады. Бирок кар көчкү коркунучу дагы деле сакталып тургандыгын эскертет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
“Эгер аба ырайы ачык болсо, кар көчкү коркунучу сакталган жайларда кар атып түшүрүү иштери болот. Анда маал-маалы менен кар тазаланып, жолдор убактылуу жабылып турушу ыктымал”,-деп билдирди ӨКМнин басма сөз кызматы.
Унаалардын ортосунда беш жүз метр аралыкты сактоо керектигин кошумчалашты аталган министрликтин басма сөз кызматынан.