Кой-Таш: Казармада «асынып өлгөн» жоокер табылды

Коргоо министрлигинин Бишкектен алыс эмес жайгашкан Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнүн казармаларынын биринде милдеттүү негизде кызмат өтөп жаткан жоокердин мойнунан асынган жансыз денеси табылды.

Окуя 3-февраль күнү Коргоо министрлигинин Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүгүндө болгон. Азырынча жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы жана толук аты-жөнү ачыкталбай эле.

Каза болгон жоокердин 1994-жылкы болгондугу жана кызмат өтөөгө өткөн жылдын жазында Жалал-Абад облусунун райондук аскер комиссариаттарынын бири тарабынан чакырылгандыгы белгилүү.

«Катардагы жоокер А.уулу.К. он ай кызмат өтөгөн жана эки айдан кийин запаска кетиши керек болгондугун белгилейбиз», — деп жазылган Коргоо министрлигинин сайтында.

Аскер кызматкеринин өлүмү боюнча териштирүү иштерин Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизону жүргүзүүдө. Аскер прокуратурасынын өкүлү тергөө иштери аяктаганга чейин комментарий берүүдөн баш тартты.

Автор:  Шахида Дүйшеева