Оштун ири телеканалынын кызматкерлери аларды «аймактык аралык кастыкты козуткан» деп айыпташкандан кийин УКМКнын имаратынын алдында митинг өткөрүштү.
Митинг бир сааттан узакка созулган жок — ОшТВнын 20га чукул кызматкери 3-январь күнү эртең менен ооздорун кагаз скотчтор менен жаап алышып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Оштогу бөлүмүнүн имаратынын алдына чогулушту. Алар эч кандай талаптарын айтышкан жок.
«Алардын колдорунда «Баш кесмей бар, тил кесмей жок» [...] «Жалпыга маалымдоо каражатын электөөгө жол берилбейт» деген жазуулар бар», — деп билдирди Kloop.kgге ал жерде жүргөн журналист Хулькар Исамова.
Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынан ыкчам топтун кызматкери чыгып, митингдин жүрүшүн видеокамерага тартып баштаган.
ОшТВнын башкы директору Эрнис Кыязов азырынча телеканалга андагылардын кимисине карата кылмыш иши козголгондугу белгисиз экенин айтты.
ОшТВдагы тинтүү
ОшТВ эфиринен көрүүчүлөрдүн мыйзам бузган СМС-билдирүүлөрүн кетирген деп айыпталууда. УКМК жазгандай, ал билдирүүлөрдө «аймактар аралык кастыкты козутуунун жана өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүүнүн белгилери бар болгон.
ОшТВга кылмыш иши 29-январь күнү козголгон. Телеканал Оштун мурунку мэри, 15-январдагы калаа башчысын шайлоодо утулуп калган Мелис Мырзакматовго лоялдуулугу менен белгилүү.
Кеңсени тинтүү 31-январь күнү, качан телеканалдын жетекчилиги кылмыш иши үчүн УКМКга архивдик документтерди берүүдөн баш тарткандан кийин жүргүзүлгөн.
Кыязов өзүнүн «Фэйсбук» коомдук желесиндеги баракчасына чыгарган Ош шаардык сотунун токтомунда кеп улуттар аралык же аймактар аралык кастыкты козутуу жөнүндө гана болгон эмес.
Анда СМС-билдирүүлөр аркылуу «эч кандай фактысы жок, өлкөнүн жетекчилигинин саясий багытына нааразы болгон объективсиз жана бир тараптуу маалыматтар тууралуу кескин түрдө айтылган».
КСДПнын басымыбы?
Кыязовдун маалыматтарына ылайык, УКМК тергөө иштерин Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) тарабынан даттануулар болгондон кийин баштаган.
«Кептин жөнү мындай, ОшМУнун ректору — Каныбек Исаков — КСДП фракциясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты. Бир нерсени түшүндүңөрбү? Анда азаматсыңар», — деп жазган Кыязов.
Бийликчил Социал-демократиялык партия (КСДП) 2013-жылдан бери шаардык кеңештеги башкаруучу коалициянын негизги күчү болуп эсептелет. Ал 15-январдагы мэрди шайлоодо өз кишиси болуп саналган Айтмамат Кадырбаевдин жеңишке ээ болушуна жетишкен.
Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун оппозициялык «Улуттар биримдиги» партиясы Жогорку сотко ал шайлоодогу «мыйзам бузууларга» байланышкан доо арызын жөнөткөн.
Алардын бири болуп шайлоодо добуш берүүнүн сырынын бузулгандыгы эсептелинет — январдын соңунда Интернетке чыккан видеого ылайык, «Республика» коалициялык фракциясынын депутаттары бюллетендерин үкөккө таштаардан мурда өз лидери Арфидин Алановго көрсөтүшкөн.
Автор: Эльдияр Арыкбаев