Дүйшөнкул Шопоков атындагы бокс боюнча эл аралык мелдеш Бишкекте 2-февраль күнү аяктады. Андагы 10 алтын медалдын 5ин Кыргызстандын мушкерлери жеңип алышты.
91 килограммдан жогорку салмак категориясынын финалдык бөлүгүндө орусиялык Артем Сусленков өзбекстандык Боходир Жалоловду утуп жеңишке жетти.
Ал эми 91 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча кыргызстандык Чынгыз Борбашев финалдык беттешинде техникалык нокауттун аркасы менен жеңишке жетти.
Чечүүчү беттешинде ал казакстандык Александр Гулевскийди жеңип алды.
Видео: Чынгыз Борбашев (кызыл түстөгү кийимчен) vs. Александр Гулевский (көк кийимчен):
Мелдештен сүрөттөр:Жалпысынан кыргызстандык спортчулар 10 алтын медалдын бешөөсүн жеңип алышты.
Борбашевден сырткары өз салмак категориялары боюнча Эрмек Сакенов (64 кг чейин), Медер Мамакеев (60 кг чейин), Өмүрбек Малабеков (56 кг чейин) жана Турат Осмонов (49 кг чейин) жеңишке жетишишти.
Видео: Эрмек Сакенов (кызыл түстөгү кийимчен) vs. Анвар Турапов (көк кийимчен):
Мелдештеги сүрөттөр:
Видео: Медер Мамакеев (кызыл кийимчен) vs. Акжол Сулайманбек уулу (көк түстүү кийимчен):
Видео: Өмүрбек Малабеков (кызыл түстүү кийимчен) vs. Мирбек Шеров (көк кийимчен):
Алтын медалдардын саны боюнча экинчи орунга орусиялык мушкерлер ээ болушту — башкы байгени Сусленкодон сырткары 69 килограммдык салмакта Фёдор Виноградов жеңип алган.
Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген мушкерлер бирден алтын медалга ээ болушту.
Быйыл 38-жолу өткөн мелдешке жалпысынан 180ден ашык спортчу катышты.Бул мелдеш Кыргызстанда эң беделдүү мелдеш болуп эсептелинет — ал өлкөдө AIBAнын (International Boxing Association, Эл аралык бокс ассоциациясы) калкасында өтүүчү жалгыз мелдеш.
Автор: Гүлжан Турдубаева