Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы медресенин экинчи кабаты урап түшүп 56 киши жабыркады.
Кырсык 3-февраль күнү куран окуу маалында болгон — бул тууралуу Kloop.kgге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жусуп Камбаралиев билдирди.
«Ал жерге 70ке чукул киши чогулган. Экинчи кабаттагы жаназа намазында да адамдар болушкан. Аларды тактай көтөрө албай сынып кеткен да адамдар кулап түшүшкөн», — деди ал.
Камбаралиев курулуш нормаларынын бузулушу фактысы боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүндүгүн кошумчалады.
Учурда жаракат алгандардын көбү медициналык кароодон өтүп жатышат. 24.kg агенттигинин маалыматына ылайык, 52 адам буту-колдорунун сыныктары менен ооруканага кайрылышкан.
Кырсык болгон жерде Сузак райондук милициясынын тергөөчүлөрү иштеп жатышат.
«Укук коргоо органдары менен дарыгерлер жардам берип жатышат. [Кырсык болгон жерди] тазалап жатабыз», — деди Камбаралиев.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Алибек Алимахунов Kloop.kgге берген маегинде түрдүү жарааттары менен медициналык жардам сурап 49 киши кайрылгандыгын билдирди.
«Кырсык болгон жерге тез жардам кызматынын тобу кетти. Ооруканага 19 киши жаткырылды, а реанимация бөлүмүндө бир киши бар. Калгандарына амбулаториялык жардам көрсөтүлдү», — деди Алимахунов.
Анын айтымында, жараат алгандар дары-дармек менен камсыз болушкан жана реаниматологдор, хирургдар жана травматологдордон турган дарыгерлер тобу иштеп жатышат.
«Абал көзөмөлдө. [Жабыркагандардын] абалдары туруктуу», — деп кошумчалады басма сөз катчы.
Автор: Шахида Дүйшеева