Видео: Кыргызстандагы эң узун бойлуу адам дарыланууда

Кыргызстандагы эң узун бойлуу адам Жеңишбек Райымбаев ал тууралуу тартылган видеодон кийин Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы реабилитациялык борборго жаткырылган. Kloop.kgнин кабарчылары анын ал-жайын сурап, андагы шарттар менен таанышып келишти.

 Кыргызстандын эң узун бойлуу адамынын Бишкектеги Ош базарында акчага сүрөткө түшүүгө аргасыз экендиги жөнүндөгү видео Интернет колдонуучулар тарабынан көптөгөн пикирлерди жараткан.

Алардын көпчүлүгү мамлекеттен катуу оорулуу эң узун адамына кам көрүүсүн талап кылышкан.

Kloop.kgнин сайтына 24-январда чыккан видео Социалдык өнүктүрүү министрлигинин боюнун узундугу 2 метр 30 сантиметрден ашкан Райымбаевге көңүл буруп, өзүнүн реабилитациялык борборуна дарылануу үчүн жаткыруусуна себеп болгон.

Эки жыл мурун дарыгерлер ал кант диабети менен ооруй тургандыгын жана денесине көптөгөн чыйкан чыгып кеткендигин аныкташкан болчу. Азыр анын бетинде жана башында айыгып кетчү шишиктер бар.

Реабилитациялык борбордун дарыгерлеринин айтымдарында, анын гигантизми кант диабетинин натыйжасын татаалдаштырат.

Райымбаев өзү «Комсомольская правда» гезитине берген маегинде дарыланууга акча жетишпей жаткандыктан сүрөткө түшүүгө аргасыз болгонун айткан.

«Бир сүрөт 100 сом болчу, иштеп тапкан акчаларыбыздын көпчүлүк бөлүгүн фотограф менен коштоп жүргөн адамдар алышчу. А менин күнүмдүк кирешем беш жүз сомдон миң сомго чейинки каражатты түзчү. Андан кийин мага ооруканага жатууну сунушташты, зарыл болгон дарылануу курсунан өтүү үчүн мен макул болдум», — деген ал.

Ал 2010-жылы да Социалдык өнүктүрүү министрлигинен жардам алган, бирок бир нече жолу өкмөт алмашкандан кийин бийликтегилер Райымбаев жөнүндө унутуп калышкан да ал акча табуу үчүн кайрадан базарда сүрөткө түшүп баштаган.