Кыргызстанга Латвиянын тышкы иштер министри келет

Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс эки күндүк расмий сапары менен Кыргызстанга келет.

Кыргыз бийлиги менен боло турган жолугушуусунда ал эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тышкы иштер министрлиги жөнөткөн пресс-релиздин түп нускасы:

5-7-февралда Кыргыз Республикасына Латвия Республикасынын Тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс расмий сапары менен келет.

Ринкевичс өзүнүн сапарында Президент А. Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы А. Жээнбеков, Тышкы иштер министри Э. Абдылдаев жана Экономика министри Т. Сариев менен жолугушат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде болчу сүйлөшүү учурунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты жана эл аралык проблематикаларды талкуулашат.